Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 10-августу № 4
Бакай-Ата айыл аймагына караштуу “Бөлтөк”массивиндеги №484 жайыт жерлер категориясына тиешелүү жер аянтына кирпич чыгаруучу ишкана курууга макулдук берүү жөнүндө
Бакай-Ата айыл аймагына караштуу “Бөлтөк” массивиндеги №484 жайыт жер категориясына тиешелүү жер аянтына кирпич чыгаруучу ишкана куруу боюнча Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Байдулатовдун жогорудагы жайыт жер аянтын которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү билдирүүсүн угуп,талкуулап депутаттардын Ленинполь айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын 8- кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата айыл аймагынын жайыт жерлер категориясына караштуу № 484 - контурундагы 1.0 га жер аянтына кирпич чыгаруучу ишкана куруу үчүн которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2.Аталган жер аянтын которуу (трансформациялоо) жагы Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам .
Төрага: | К.Атантаев |