Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 10-августу № 5
“Күмүштак” өзөнүндөгү № 945 жайыт жерлер категориясына тиешелүү жер аянтына кум-шагыл чыгаруучу ишкана курууга макулдук берүү жөнүндө
“Күмүштак”өзөнүндөгү № 945 жайыт жерлер категориясына тиешелүү жер аянтына кум-шагыл чыгаруучу ишкана куруу боюнча Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Байдулатовдун жогорудагы жайыт жер аянтын которуу(трансформациялоо) жөнүндөгү билдирүүсүн угуп,талкуулап депутаттардын Ленинполь айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын 8- кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Күмүштак” өзөнүндөгү жайыт жерлер категориясына караштуу № 945-контурундагы 0.50 га жер аянтына кум-шагыл ишкана куруу үчүн которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Аталган жер аянтын которуу (трансформациялоо) жагы Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага: | К.Атантаев |