Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 10-августу № 6
Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн турак-жай бөлүмүнө караштуу “Зил 130” үлгүсүндөгү 09-42 ТА оор жүк ташуучу автоунаасын жана “ ВАЗ 21 07” үлгүсүндөгү 09-43 ТА жеңил автоунаасын сатууга макулдук берүү жөнүндө
Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн турак-жай бөлүмүнө караштуу “Зил 130 үлгүсүндөгү мамлекеттик номуру 09 42 ТА оор жүк ташуучу автоунаасын жана “ ВАЗ 21 07 ” үлгүсүндөгү мамлекеттик номуру 09 43 ТА жеңил автоунаасын сатууга макулдук берүү жөнүндө маселени карап чыгып,талкуулап депутаттардын Ленинполь айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын 8- кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн турак-жай бөлүмүнө караштуу “ Зил 130”үлгүсүндөгү мамлекеттик номуру 09 42 ТА оор жүк ташуучу автоунаасын жана “ВАЗ 21 07”үлгүсүндөгү мамлекеттик номуру 09 43 ТА жеңил автоунаасын сатууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Байдулатовго жүктөлсүн.
Төрага: | К.Атантаев |