Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 10-августу № 7
Эшенкулов Кемелбек Саматовичтин ысымын берүү жөнүндө
Бакай-Ата айылындагы түштүк -чыгыш тарабында жайгашкан көчөгө Эшенкулов Кемелбек Саматовичтин ысымын берүү жөнүндө маселени карап чыгып,талкуулап депутаттардын Ленинполь айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын 8- кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата айылынын түштүк- чыгыш тарабындагы көчөгө Эшенкулов Кемелбек Саматовичтин ысымы ыйгарылсын.
2. Бакай-Ата райондук “Кадастр” мамлекеттик каттоо башкармалыгына жаңы көчөнүн атын каттоо жагы сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Байдулатовго жүктөлсүн.
Төрага : | К.Атантаев |