Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 29-августу № 1
Бакай-Ата айылдык аймагынын “ Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын”аймагынын чек араларын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”мыйзамынын 34-беренесинин 17-бөлүгүнө ылайык, берилген иш-кагаздарын карап чыгып, жергиликтүү коомдук өз алдынча башкаруу органын эсептик каттоо максатында депутаттардын Ленинполь айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын 9- кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айыл аймагынын “ Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясы”аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы (ТСО) эсептик каттоого алынсын.
2. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айыл аймагынын “ Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын ” аймагынын чек аралары Бакай-Ата айыл аймагынын административдик чектерине ылайык бекитилсин.
3. Ленинполь айылдык кеңешинин жооптуу катчысы тарабынан жүргүзүлгөн ТСО органдарын каттоо журналына киргизилсин.
4. Бул токтом каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын реестерине киргизүү үчүн Талас облустук юстиия башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Байдулатов жана Ленинполь айылдык кеңешинин бюджет комиссиясынын төрагасы А.Молдобековго жүктөлсүн.
Төрага: | К.Атантаев |