Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 5-сентябры № 1
Бакай-Ата айыл аймагынан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн кызматтык турак-жай куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Бакай-Ата айыл аймагынан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн кызматтык турак-жай куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө маселени карап чыгып, талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жер” Кодексинин 18-беренеси жана 32-беренесинин 4-пунктун жетекчиликке алып, депутаттардын Ленинполь айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын 10- кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата айыл аймагындагы В.И.Ленин атындагы жалпы билим берүү мектебине караштуу жер участогунан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн кызматтык турак-жай курууга 0,5 га жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2.”Кадастр” мамлекеттик мекемесинен В.И.Ленин атындагы жалпы билим берүү мектебине тиешелүү мамлекеттик актысына өзгөртүү жагы суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Байдулатовго милдеттендирилсин.
Төрага: | К.Атантаев |