Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
VII чакырылышындагы VI кезексиз сессиясы
2024-жылдын 15-июлу №55
Ак-Терек айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин 6 айында калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерге мүлк салыгынан жылдык пландан ашык түшкөн акча каражатын кароо жөнүндө
Ак-Терек айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин 6 айында калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерге мүлк салыгынан пландан ашык түшкөн 425,4 миң сом акча каражаты жөнүндө Ак-Терек айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык ѳнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Абдыраевдинбилдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Терек айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин 6 айында калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерге мүлк салыгынан пландан ашык түшкөн 425,4 миң сом акча каражатынан Кѳл-Тѳр айылындагы Т.Ибраимкулов атындагы маданият үйүнө отургучтарды алып берүүгѳ 350,0 миң сом акча каражаты клубдардын 3112 беренесине жана жергиликтүү кеӊештин жыйындар залына отургучтарды алууга 75,4 миң сом акча каражаты аппараттын 3112 беренесине каралсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык ѳнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Абдыраевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Р.А.Молдобаевага тапшырылсын.
Тѳрага Б.Б. Барыктабасов
Жооптуу катчы М.Б. Эсеналиева