Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 5-сентябры № 2
Бакай-Ата айылына ОсОО “Нур Телеком”жоопкерчилиги чектелген коомунун “ О ”байланыш антеннасын орнотуу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Бакай-Ата айылына ОсОО” Нур Телеком”жоопкерчилиги чектелген коомунун “ О ” байланыш антеннасын орнотуу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө маселени карап чыгып, талкуулап депутаттардын Ленинполь айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын 10 - кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата айылындагы Эркинбек көчөсүндөгү № 63-А ФАПына караштуу жер аянтынын 25м2 жер тилкесине “О” байланыш антеннасын орнотуу үчүн ижарага бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Байдулатовго милдеттендирилсин.
Төрага : | К.Атантаев |