Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 5-сентябры № 3
“Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” №284 сандуу Жарлыгын аткаруу”жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы “ Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” № 284 сандуу Жарлыгын аткаруу жөнүндө маселени карап чыгып, талкуулап депутаттардын Ленинполь айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын 10-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы “ Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” №284 сандуу Жарлыгын аткарууга алынсын.
2. 2022-жылдын 25-ноябрда Бишкек шаарында биринчи Элдик Курултай чакырылгандыгы эске алынсын.
3. Бакай-Ата айыл аймагында Элдик Курултайды уюштуруу боюнча иш-чаралар планы жана Бакай-Ата айыл аймагынан райондук Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо графиги №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Бакай-Ата айыл аймагында Элдик Курултайды уюуштуруу жана өткөрүү боюнча комиссия (мындан ары-Комиссия) курамы №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Бакай-Ата айыл аймагындагы жааматтарында Бакай-Ата айыл аймагынын Элдик Курултайына делегаттарды шайлоо графиги №3 тиркемеге ылайык бекитилсин. 6. Бакай-Ата айыл аймагынын атынан эки делегат шайлансын. Бакай-Ата айыл аймагында
6. Элдик Курултай 2022-жылдын 05-ноябрында саат 11-00до Бакай-Ата райондук борбордук маданият үйүндө өткөрүлсүн. Делегаттарды шайлоодо Наматбек айылы эске алынсын.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага: | К.Атантаев |