Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 5-августу № 457
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн мамлекеттик кызматчылар категориясына кирбеген кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 16-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
2) жогоруда аталган токтомдун 17-тиркемесинин аталышындагы "Айыл чарба министрлиги" деген сөздөр "Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) жогоруда аталган токтомдун 20-тиркемеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
4) ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда 201-тиркеме менен толукталсын;
5) ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакцияда 202-тиркеме менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары |
| А.А. Касымалиев |
|
| 1-тиркеме |
|
|
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин карамагына кирген лабораториялардын жана уюмдардын кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга карата эселөө коэффициенттери
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча борбордук жана Ош лабораториясы | ||
1 | Лаборатория башчысы | 3,30 |
2 | Улук: - энтомолог; - фитопатолог; - герболог | 2,77 |
3 | Жетектөөчү: - энтомолог; - фитопатолог; - герболог | 2,57 |
4 | Энтомолог, фитопатолог, герболог | 2,34 |
5 | Үлгүлөрдү кабыл алуу боюнча адис | 2,13 |
Региондук лабораториялар | ||
6 | Лаборатория башчысы | 3,09 |
7 | Улук: - энтомолог; - фитопатолог; - герболог | 2,57 |
8 | Жетектөөчү: - энтомолог; - фитопатолог; - герболог | 2,34 |
9 | Энтомолог, фитопатолог, герболог | 2,13 |
10 | Үлгүлөрдү кабыл алуу боюнча адис | 1,92 |
Үрөндөрдү экспертизалоо борбордук лабораториясы, Сортторду, данды жана алардан кайра иштетилген продуктуларды баалоо боюнча лаборатория, Өсүмдүктөрдүн генетикалык ресурстарынын банк-лабораториясы | ||
11 | Лаборатория башчысы | 3,30 |
12 | Башкы: - агроном; - агроном; - биолог | 2,77 |
13 | Жетектөөчү: - агроном; - технолог; - инженер; - агроном-биолог | 2,56 |
14 | Агроном, агроном-биолог | 2,34 |
Адистештирилген контролдук-токсикологиялык борбордук жана Ош лабораториялары | ||
15 | Лаборатория башчысы | 3,30 |
16 | Улук токсиколог | 2,56 |
17 | Жетектөөчү токсиколог | 2,34 |
18 | Токсиколог | 2,13 |
Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департамент | ||
19 | Мамсортучастогунун башчысы | 2,10 |
20 | Мамсортучастогунун агроному | 2,00 |
Региондук акклиматташтыруучу жана балык өндүрүү бөлүмү (Станция) | ||
21 | Бөлүмдүн башчысы | 2,30 |
22 | Башкы ихтиолог | 2,21 |
23 | Башкы балык өстүрүүчү | 2,10 |
24 | Жетектөөчү балык өстүрүүчү | 2,03 |
25 | Балык өстүрүүчү | 2,00 |
".
|
| 2-тиркеме |
|
|
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын алдындагы "Ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга карата эселөө коэффициенттери
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1 | Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун директору | 4,05 |
2 | Борбордун директорунун орун басары | 3,62 |
3 | Бөлүмдүн башчысы, башкы бухгалтер, сапат боюнча менеджер | 3,30 |
4 | Улук: - жогорку категориядагы ветеринардык врач; - адис; - инженер-физик, химик, биолог | 2,77 |
5 | Жетектөөчү: - 1-категориядагы ветеринардык врач; - адис; - лаборант | 2,57 |
6 | Ветеринардык врач, адис, бухгалтер | 2,34 |
8 | Ветеринардык санитар, виварийщик | 1,92 |
Ветеринардык диагностика жана экспертиза зоналык бөлүмдөрү | ||
9 | Начальник | 3,09 |
10 | Бөлүмдүн башчысы | 2,77 |
11 | Улук: - ветеринардык врач; - адис; - инженер-физик; - химик; - биолог | 2,57 |
12 | Жетектөөчү: - 1-категориядагы ветеринардык врач; - адис | 2,34 |
13 | Лаборант | 1,92 |
14 | Ветеринардык санитар, виварийщик | 1,70 |
Ветеринардык диагностика жана экспертиза райондук бөлүмдөрү | ||
15 | Начальник | 2,88 |
16 | Сектордун, лабораториянын башчысы | 2,57 |
17 | Улук: - жогорку категориядагы ветеринардык врач; - адис | 2,34 |
18 | Жетектөөчү: - 1-категориядагы ветеринардык врач; - адис | 2,13 |
19 | Ветеринардык врач | 2,02 |
20 | Лаборант | 1,92 |
21 | Ветеринардык санитар, виварийщик | 1,70 |
".
|
| 3-тиркеме |
|
|
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын алдындагы "Ветеринардык дары каражаттары жана тоют кошулмалары борбору" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга карата эселөө коэффициенттери
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1 | Директор | 4,48 |
2 | Бөлүмдүн башчысы | 3,83 |
3 | Башкы адис | 3,39 |
4 | Лаборатория башчысы | 3,30 |
5 | Жетектөөчү адис | 3,11 |
6 | Адис | 2,84 |
7 | Улук: - иммунолог; - бактериолог; - микробиолог; - химик; - токсиколог | 2,57 |
8 | Жетектөөчү: - иммунолог; - бактериолог; - микробиолог; - химик; -токсиколог | 2,34 |
9 | Токсиколог, бактериолог | 2,13 |
Эскертүү: Лабораториялардын кызматкерлерин, мамлекеттик мекеменин техникалык жана кенже тейлөөчү персоналын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын алдындагы "Ветеринардык дары каражаттары жана тоют кошулмалары борбору" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине эмгегинин татаалдыгы, сапаты, натыйжасы, кесиптик демилге көрсөткөндүгү, ченемге салынбаган жумуш күнү үчүн пайыздык үстөк акы кызматтык маянасынын 40% чейин төлөнөт деп белгиленсин.".
|
| 4-тиркеме |
|
|
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Ичүүчү суу менен камсыз кылууну жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга карата эселөө коэффициенттери
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1 | Директор | 4,48 |
2 | Директордун орун басары | 4,21 |
3 | Башкармалыктын начальниги | 4,05 |
4 | Бөлүмдүн башчысы | 3,83 |
5 | Сектордун башчысы | 3,57 |
6 | Башкы адис | 3,39 |
7 | Жетектөөчү адис | 3,11 |
8 | Адис | 2,84 |
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Ичүүчү суу менен камсыз кылууну жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү" мамлекеттик мекемесинин негизги персоналынын кызматкерлерине эмгегинин татаалдыгы, сапаты, натыйжасы, кесиптик демилге көрсөткөндүгү, ченемге салынбаган жумуш күнү үчүн пайыздык үстөк акы кызматтык маянасынын 40% чейин төлөнөт деп белгиленсин.".