Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги VIII сессиясынын
2024-жылынын 24-июлу №7
“Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылынын
Чарбак 1 көчөсүнүн тургундарынын кайрылуусун кароо жөнүндө”
Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылынын Чарбак 1 көчөсүнүн тургундарынын Чарбак 1 көчөсүнүн ички жолун айылдык кеңеши тарабынан коюулган талаптарга ошондой эле көчөнү архитектуралык нормаларда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык даярдап, бүгүнкү күндө аталган көчөгө жергиликтүү калктан асфальт төшөө үчүн тиешелүү каражаттар чогулуп калгандыгын көрсөтүп, жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражат ажыратып берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XХVIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылынын Чарбак 1 көчөсүнүн тургундарынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылынын Чарбак 1 көчөсүнүн тургундарынын жыйнаган өздүк салымын эске алып көчөнүн ички жолуна асфальт төшөөгө жергиликтүү бюджеттин эсебинен 400 000 (төрт жүз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
3.Каралган акча каражатын мыйзамдуу ажыратып берүү жана аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Календеровго милдеттендирилсин.
4. Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн областтык Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Маматаевге жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы: |
Б.Кубатов |