Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
VII чакырылышындагы VI кезексиз сессиясы
2024-жылдын 15-июлу №57
Т.Мырзамамбетов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин башчысы Н.Ибраеванын кайрылуусу жөнүндө
Т.Мырзамамбетов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин башчысы Н.Ибраеванын кайрылуусунун негизинде,Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Т.Мырзамамбетов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин окуучулары үчүн ысык тамак ичүүчү бѳлмѳсүнѳ алына турчу идиш аяктардын жана керектелүүчү материалдарын алып берүү жагы жыл башында мектептерге каралган акча каражатынан каралсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы К.Абдыраевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Р. Молдобаевага тапшырылсын.
Тѳрага Б.Б. Барыктабасов
Жооптуу катчы М.Б. Эсеналиева