Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 28-сентябры № 1
“Балажан”балдар бакчасынын уставын, печатын жана күбөлүгүн жокко чыгаруу”жөнүндө
“№ 3 Балажан” балдар бакчасы жана Б.Жунусов атындагы жалпы билим берүү мекемелери биригип, юридикалык макамы өзгөргөндүгүнө байланыштуу бакчанын уставын, печатын жана күбөлүгүн жокко чыгаруу жөнүндө маселени карап чыгып,талкуулап депутаттардын Ленинполь айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын 11-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. № 3“Балажан” балдар бакчасы мектепке кошулуп,юридикалык макамы жоюулгандыгына байланыштуу уставы , печаты жана күбөлүгү жокко чыгарылсын.
2. “Баратбай Жунусов атындагы окуу-тарбиялык комплекси”мекемесинин директору Шапиева Астра Темирбековнага эки мекеме бириккендигине байланыштуу бакчанын уставын, печатын жана күбөлүгүн мамлекеттик органдагы каттоодон алып салуу жана жоюу боюнча иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Байдулатовго жүктөлсүн.
Төрага | К.Атантаев |