Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 25-октябры № 1
Бакай-Ата айыл аймагына караштуу билим берүү мектептердеги компьютер жана электрондук класс кабинеттердин эшик, терезелерине темир тосмолорун жана керектүү чарба буюмдарын сатып алууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Бакай-Ата айыл аймагына каршатуу билим берүү мектептериндеги электрондук китепкана жана компьютер класс кабинеттердин эшик, терезелерине темир тосмолорун жана керектүү чарба буюмдарын сатып алуу жөнүндө маселени карап чыгып,талкуулап депутаттардын Ленинполь айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын 12-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Электрондук китепкана жана компьютер класс кабинеттердин эшик, терезелерине темир тосмолорун жана керектүү чарба буюмдарын сатып алуу үчүн
-“ Бердике уулу Нарикбай”мектебине 52.765( Элүү эки миң жети жүз алтымыш беш)сом.
-“ В.И.Ленин” атындагы жалпы билим берүү мектебине 66960( алтымыш алты миң тогуз жүз алтымыш) сом.
- “Баратай Жунусов” мектебине 45.590( карк беш миң беш жүз токсон) сом жергилктүү бюджеттен бөлүнсүн.
2 . Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Байдулатовго жүктөлсүн.
Төрага: | К.Атантаев |