Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
VII чакырылышындагы VI кезексиз сессиясы
2024-жылдын 15-июлу № 62
Ала-Баш айылындагы М.Кидибаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин башчысы Р.Эсенкановдун арызы жөнүндө
Ала-Баш айылындагы М.Кидибаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин башчысы Р.Эсенкановдун арызынын негизинде,Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Ала-Баш айылындагы М.Кидибаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин карамагындагы кыска мѳѳнѳттүү (3 сааттык) бала бакчанын сырткы оюн аянтчасын (кв метр 17х13=221) темир профилдер менен коруп берүү жагы жыл башында мектептерге каралган акча каражатынан каралсын.
2. Токтомдун аткарылышын Ак-Терек айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык ѳнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Абдыраевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Р.А.Молдобаевага тапшырылсын.
Тѳрага Б.Б. Барыктабасов
Жооптуу катчы М.Б. Эсеналиева