Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
VII чакырылышындагы VI кезексиз сессиясы
2024-жылдын 15-июлу №64
Дөң-Талаа, Кызыл-Туу, Ала-Баш, Коңур-Өлөң айылдарындагы арыктарды чабууга күйүүчү май бөлүп берүү жөнүндө
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Дѳӊ-Талаа айылынын “Чоока арык” чабуу иштерин жүргүзүүгѳ, Кызыл-Туунун “Кѳк арык” чабуу иштерин жүргүзүүгѳ, Ала-Баштын жалпы арыктарына, Коӊур-Ѳлѳӊдүн жалпы арыктарына, эки тонна май, ар бир айылга беш жүздѳн май бѳлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын Ак-Терек айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык ѳнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Абдыраевге тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Р. Молдобаевага милдеттендирилсин.
Тѳрага Б.Б. Барыктабасов
Жооптуу катчы М.Б. Эсеналиева