Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
VII чакырылышындагы VI кезексиз сессиясы
2024-жылдын 15-июлу №66
Ак-Терек айыл ѳкмѳттѳ жасалып жаткан иш-чараларды жергиликтүү элге жеткирүү үчүн веб-сайтын ачуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №59 тескемесинин негизинде, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №59 тескемесин аткаруу максатында, айыл ѳкмѳттѳ жасалып жаткан иш-чараларды жергиликтүү элге жеткирүү үчүн жана так маалымат берип турууга, веб-сайтын ачууга жергиликтүү бюджеттен 50 000 (элүү миӊ) сом акча каражаты бѳлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын Ак-Терек айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык ѳнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Абдыраевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Р. Молдобаевага тапшырылсын.
Тѳрага Б.Б. Барыктабасов
Жооптуу катчы М.Б. Эсеналиева