Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
VII чакырылышындагы VI кезексиз сессиясы
2024-жылдын 15-июлу №67
Тоӊ районунун Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүнө социалдык өнүгүүсүнө кошкон салымдары жана эмгеги сиңген адамдарды сыйлоо боюнча айыл өкмөтүнүн жобосун бекитүү жѳнүндѳ
Тоӊ районунун Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүнө социалдык өнүгүүсүнө кошкон салымдары жана эмгеги сиңген адамдарды сыйлоо боюнча айыл өкмөтүнүн жобосун бекитүү боюнча, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин депутаттык этика, регламент жана мандат, социалдык маселелер, жаштар, спорт, билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Тоӊ районунун Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүнө социалдык өнүгүүсүнө кошкон салымдары жана эмгеги сиңген адамдарды сыйлоо боюнча айыл өкмөтүнүн жобосу 1- тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү ѳзүмѳ калтырам.
Тѳрага Б.Б. Барыктабасов
Жооптуу катчы М.Б. Эсеналиева