Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
VII чакырылышындагы VI кезексиз сессиясы
2024-жылдын 15-июлу №71
Ак-Терек жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин 2024-жылга карата бюджетин бекитип берүү жѳнүндѳ
Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин 2024-жылга карата бюджетин бекитип берүү боюнча, жайыт комитетинин тѳрагасы Д.Соодонбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин 2024-жылга карата бюджетинин суммасы 900 000 (тогуз жүз миӊ) сом болуп бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин тѳрагасы Д.Соодонбековго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Р. Молдобаевага тапшырылсын.
Тѳрага Б.Б. Барыктабасов
Жооптуу катчы М.Б. Эсеналиева