Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги VIII сессиясынын
2024-жылынын 24-июлу №8
“Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 12-июлундагы № 7/15 катын кароо жөнүндө”
Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн орун басар – жооптуу катчысы Б.Абдураимованын участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн кайра толуктоо боюнча сунушун карап, угуп жана талкуулап, Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 12-июлундагы №7/ 15 каты жана Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн орун басар- жооптуу катчы Б.Абдураимованын сунушу эске алынсын.
2. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык, участкалык шайлоо комиссиясынын резерви тийиштүү шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тиркемеге ылайык бекитилсин.
3.Ноокен райондук шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
4.Токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Айылдык кеңештин төрагасы: |
Б.Кубатов |