Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 4-июлу № 358
Жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү программалары боюнча илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Илимий, илимий-педагогикалык кадрларды даярдоону укуктук жөнгө салуу максатында, "Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү программалары боюнча илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 327 "Кыргыз Республикасында илимий-педагогикалык жана илимий кадрларды даярдоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.У. Жапаров |