Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги IX сессиясынын
2024-жылынын 06-августу №11
“Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн Б.Шарабидин уулу көчөсүндө жайгашкан жеке менчик май куйуучу жайдын пайдалануу багытын өзгөртүү боюнча макулдук берүү жөнүндө”
Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылындагы Б.Шарабидин уулу көчөсүндө жайгашкан жеке менчик май куйуучу жайдын пайдалануу багытын турак жай катары өзгөртүү жөнүндөгү менчик ээси С.Маматаевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп бүгүнкү күндө май куйуучу станция катары иштебей жаткандыгын эске алып Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XХVIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылындагы Б.Шарабидин уулу көчөсүндө жайгашкан жеке менчик май куйуучу жайдын пайдалануу багытын турак жай катары өзгөртүү жөнүндөгү менчик ээси С.Маматаевдин кайрылуусу эске алынсын.
2. Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылындагы Б.Шарабидин уулу көчөсүндө жайгашкан жеке менчик май куйуучу жай бүгүнкү күндө май куйуучу станция катары иштебей жаткандыгын эске алып, пайдалануу багытын турак жай катары өзгөртүүгө макулдук берилсин.
3.Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана мыйзамдуу аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана жер боюнча башкы адисине жүктөлсүн.
4.Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн областтык Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө укук жана мыйзамдуулук маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Толубаевке милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы: |
Б.Кубатов |