Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги IX сессиясынын
2024-жылынын 06-августу №10
“Бүргөндү–Достук айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан № 23 Келечек балдар бакчасына ички ажаткана үчүн эки унитаз куруп берүүгө суралган акча каражатын кароо жөнүндө”
№ 23 Келечек балдар бакчасынын жетекчиси М.Каримованын балдар бакчасына ички ажаткана үчүн эки унитаз куруу үчүн 42220 сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттин эсебинен карап берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Бүргөндү–Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.№ 23 Келечек балдар бакчасынын жетекчиси М.Каримованын балдар бакчасына ички ажаткана үчүн эки унитаз куруу үчүн керектелген акча каражатын жергиликтүү бюджеттен ажыратып берүү жөнүндөгү кайрылуусу жана экономика бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
2. № 23 Келечек балдар бакчасына ички ажаткана курууга эки унитаз орнотуу үчүн суралган 42220(кырк эки миң эки жүз жыйырма) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен ажыратылып берилсин.
3.Каралган акча каражаты менен камсыздоо жана аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Календеровго жүктөлсүн.
4.Көзөмөлдөө экономика жана бюджет маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Маматаевке милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы: |
Б.Кубатов |