Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXХ чакырылышынын) XX сессиясы
2024-жылдын 11-сентябрындагы № 2
Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше-чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү жана республикалык бюджеттен келген жер салыгынан түшкөн 246 000 (эки жүз кырк алты миң) сом акча каражатын киргизүү жөнүндө.
Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше-чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү жана республикалык бюджеттен келген жер салыгынан түшкөн 246 000 (эки жүз кырк алты миң) сом акча каражатын киргизүү жөнүндө угуп жана талкуулап Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Республикалык бюджеттен келген жер салыгынан түшкөн 246 000 (эки жүз кырк алты миң) сом акча каражаты Чаек айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүмүнө кириштелсин.
2. Чыгаша бөлүмү Республикалык бюджеттен келген 2024-жылдын 6 айлыгы боюнча жер салыгына түшкөн 246,0 мин сом акча каражаттан Т.Турсунбаева атындагы мектебинде мектеп-гимназиясы статусу алынгандыгынан логопед, дефектолог кружогу жабылып мугалими кыскартууга кетирилгендигинен ушул мугалимине эмгек акыга 2111 беренесине 72000 (жетимиш эки миң) сом акча каражаты, соц.фондусуна 2121 беренесине 12960 (он эки миң тогуз жүз алтымыш) сом акча каражаты;
-“Чаек” муниципалдык ишканасына 2214 беренесине (күйүүчү майга) 161,040 (жүз алтымыш бир) миң сом акча каражаты каржылансын.
3. “Күн желеси” бала бакчасынын тосмосуна деп бөлүнгөн 300,0 мин сом акча каражаттан 3112 беренесине (машиналар жана жабдуулар) Беш-Терекке Кекилик уулу Жолдошбек атындагы орто мектебине проектор алып берүүгө 60,0миң сом акча каражаты, 3112 беренесине (машиналар жана жабдуулар) “Чаек” муниципалдык ишканасына 100,0 миң сом акча каражаты 2214 беренесине (күйүүчү майга) жылдырылып, калганы 2222 беренесине (материалдарды жана жабдууларды сатып алуу) “Күн желеси” бала бакчасына 140,0 миң сом акча каражаты чыгымдалсын.
4. Актатыр бала бакчасы боюнча 3112 (машина жана жабдуулар) беренесиндеги 85000 (сексен беш миң) сом акча каражатын 2218 (тамак аш) беренесине, 2212 (байланыш) беренесинен 18000 (он сегиз мин) сом 2222 (Материалдар жана жабдуулар) беренесине . 2217 ( дары дармек ) беренесиндеги 20000 мин сом 2222 ( материалдар жана жабдуулар) беренесине, 2221 (учурдагы ремонт) беренесиндеги 33577 сомду 2222 ( материалдар жана жабдуулар) беренесине, 2211( иш сапар ) беренесиндеги 19966 мин сомду 2222 Материалдар жана жабдуулар) беренесине жылдырылсын.
5. Турусбек уулу Султан атындагы орто мектебинин 2024-2025-окуу жылына карата жүргүзүлүүчү учурдагы ремонтко бөлүнгөн 25000 (жыйырма беш миң) сом акча каражатын 2221 беренесинен 2215 беренеге компьютер оңдоого 12000 (он эки миң) акча каражатына, 2221беренесинен 2222 беренесине 5 класстык бөлмөгө жана мектептин сыртына видеокөзөмөл коюу үчүн 400 м кабель алууга 13000 (он үч миң) сом акча каражатына жылдырылсын.
6.К.Акыев атындагы орто мектебинин өндүрүштүк зарылчылыгына байланыштуу 2222 беренедеги 86500 (сексен алты миң беш жүз) сом акча каражаттан 2231 беренесине таза суу үчүн кошумча 56500 (элүү алты миң беш жүз) сом акча каражатына ;
-3112 беренесине экология коопсуздугу үчүн, от казанга орнотучу түтүн зыян калдыктарды кармоочу чыпка (ПГУ пылегазоочистных установок) 2 даана 30 000 (отуз миң) сом акча каражаты калтырылсын.
7. АУПтун 3112 беренесинен (машиналар жана жабдуулар) 330 000 (үч жүз отуз миң) сом акча каражатын АУПтун 2215 беренесине (ар кандай чыгымдар) 330 000 (үч жүз отуз миң) сом акча каражатына жылдырылсын.
8. АУП тун 2221 беренесинен (учурда оңдоо иштер боюнча) 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты “Чаек” муниципалдык ишканасынын 2214 беренесине (күйүүчү майга) 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражатына жылдырылсын.
9. Кекилик уулу Жолдошбек атындагы орто мектебинин 2221 (Учурдагы ремонт) беренесиндеги 200 000 (эки жүз мин) сом акча каражатынан 2215 ( Ар кандай чыгымдар ) беренесине 20 000 (жыйырма миң) сом акча каражатына жылдырылсын.
10.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго жүктөлсүн.
Төрага | А. Муталиев |