Сравнение редакций…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 13-сентябры №44/172
Кызыл-Кыя шаарындагы Бөкөнбаев-Баялинов көчөлөрүнө саркынды суу түтүктөрүн куруу үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 3-бөлүгүнө негиз, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 токтому менен бекитилген дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен “Долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө” Жобону жана “Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу” Жобонун талабына ылайык, шаардык кенештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 11-сентябрындагы №74 протоколуна негиз, Кызыл-Кыя шаарынын мэринин 2024-жылдын 06-сентябрындагы № 01-8/2486 катын эске алып, Кызыл-Кыя шаарындагы Бөкөнбаев-Баялинов көчөлөрүнө саркынды суу түтүктөрүн куруу үчүн жергиликтүү бюджеттин өздүк салымын кошуу максатында,Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Кызыл-Кыя шаардык финансы башкармалыгынын башчысы К.Алимовго Кызыл-Кыя шаарынын 2025-жылга шаардын жергиликтүү бюджетинин 704 “Экономикалык бөлүкчөсүнүн” 3111 “Актив” статьясына Кызыл-Кыя шаарындагы Бөкөнбаев-Баялинов көчөлөрүнө саркынды суу түтүктөрүн куруу үчүн дем берүүчү (үлүштүк) грантка жазылган долбоорго жергиликтүү бюджеттин үлүшү катары 4 750 000 (төрт миллион жети жүз элүү миң) сом акча каражатын Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы аркылуу бөлүп берүү жагы милдеттендирилсин.
2. Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын башкы бухгалтери (Ч. Матаева) дем берүүчү (үлүштүк) грантка бөлүнгөн акча каражатын максаттуу пайдалануу жана акча каражатын пайдалануу боюнча бухгалтердик отчетун камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Ж.Калматов |
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 13-сентябры №44/172
Кызыл-Кыя шаарындагы Бөкөнбаев-Баялинов көчөлөрүнө саркынды суу түтүктөрүн куруу үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө
(Кызыл-Кыя шаардык кенешинин 2025-жылдын 25-мартындагы №6/27 токтомунун рекдакциясына ылайык)
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 3-бөлүгүнө негиз, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 токтому менен бекитилген дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен “Долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө” Жобону жана “Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу” Жобонун талабына ылайык, шаардык кенештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 11-сентябрындагы №74 протоколуна негиз, Кызыл-Кыя шаарынын мэринин 2024-жылдын 06-сентябрындагы № 01-8/2486 катын эске алып, Кызыл-Кыя шаарындагы Бөкөнбаев-Баялинов көчөлөрүнө саркынды суу түтүктөрүн куруу үчүн жергиликтүү бюджеттин өздүк салымын кошуу максатында,Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Кызыл-Кыя шаардык кенешинин 2024–жылдын 13–сентябрындагы №44/172 “Кызыл-Кыя шаарындагы Бөкөнбаев-Баялинов көчөлөрүнө саркынды суу түтүктөрүн куруу үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө” токтомунун 1-пунктундагы “4 750 000 (төрт миллион жети жүз элүү мин)” деген сөз өзгөртүлүп “ 4 942 969 ( төрт миллион тогуз жүз кырк эки мин тогуз жүз алтымыш тогуз)” деп окулсун.
(Кызыл-Кыя шаардык кенешинин 2025-жылдын 25-мартындагы №6/27 токтомунун редакциясына ылайык)