Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 13-сентябры №44/173
Кызыл-Кыя шаарынын “Восток 2” конушуна кошумча 1000 м3 резервуар тосмолору менен куруу жана кошумча имарат (кароолкана) куруу үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 3-бөлүгүнө негиз, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 токтому менен бекитилген Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен “Долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө” Жобону жана “Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу” Жобонун талабына ылайык, шаардык кенештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 11-сентябрындагы №74 протоколуна негиз, Кызыл-Кыя шаарынын мэринин 2024-жылдын 06-сентябрындагы № 01-8/2486 катын эске алып, Кызыл-Кыя шаарынын “Восток 2” конушуна кошумча 1000 м3 резервуар тосмолору менен куруу жана кошумча имарат (кароолкана) куруу үчүн жергиликтүү бюджеттин өздүк салымын кошуу максатында, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Кызыл-Кыя шаардык финансы башкармалыгынын башчысы К.Алимовго Кызыл-Кыя шаарынын 2025-жылга шаардын жергиликтүү бюджетинин 704 “Экономикалык бөлүкчөсүнүн” 3111 “Актив” статьясына Кызыл-Кыя шаарынын “Восток 2” конушуна кошумча 1000 м3 резервуар тосмолору менен куруу жана кошумча имарат (кароолкана) куруу үчүн дем берүүчү (үлүштүк) грантка жазылган долбоорго жергиликтүү бюджеттин үлүшү катары 5 000 000 (беш миллион) сом акча каражатын Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы аркылуу бөлүп берүү жагы милдеттендирилсин.
2. Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын башкы бухгалтери (Ч. Матаева) дем берүүчү (үлүштүк) грантка бөлүнгөн акча каражатын максаттуу пайдалануу боюнча бухгалтердик отчетун камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Ж.Калматов |