Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXХ чакырылышынын XX сессиясы
2024-жылдын 11-сентябрындагы № 4
“Чаек” муниципалдык ишканасынын СПА нын киреше-чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө
“Чаек” муниципалдык ишканасынын СПА нын киреше-чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө угуп жана талкуулап Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. “Чаек” муниципалдык ишканасынын СПА нын жетектөөчү адиси Ж.Орозоматовдун кайрылуусу боюнча 825716 (сегиз жүз жыйырма беш миң жети жүз он алты) сом акча каражаты СПА нын киреше бөлүгүнө кириштөөгө макулдук берилсин.
2. СПА нын чыгаша бөлүгүнө “Чаек” муниципалдык ишканасынын СПАнын сугат суу тармагына кете турган чыгымдарына:
1) Эмгек акыга -247 632 (эки жүз кырк жети миң алты жүз отуз эки) сом;
2) Ремонт иштерине 341 900 (үч жүз кырк бир миң тогуз жүз) сом; мунун ичинен ---цементке 75900 (жетимиш беш миң тогуз жүз) сом;
-күйүүчү майга 50 000 (элүү мин) сом;
-сооружение сатып алууга 200 000 (эки жүз миң) сом;
- 2 шт винт -16 000 (он алты миң) сом;
Жалпы чыгым -589 532 (беш жүз сексен тогуз миң беш жүз отуз эки) сом деп бекитип берүүгө макулдук берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго жүктөлсүн.
Төрага | А. Муталиев |