Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXХ чакырылышынын XX сессиясы
2024-жылдын 11-сентябрындагы № 5
Нарын облустук Тенир тоо өнүктүрүү фондунан жана Жумгал райондук өнүктүрүү фондунан каржылануучу долбоолорго макулдук берүү жөнүндө
Нарын облустук Тенир тоо өнүктүрүү фондунан жана Жумгал райондук өнүктүрүү фондунан каржылануучу долбоолорго макулдук берүү жөнүндө угуп жана талкуулап Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Нарын облустук Тенир тоо өнүктүрүү фондунан каржылануучу долбоолорго
1) “Чаек” муниципалдык ишканасына таштанды ташуучу атайын техника алуу долбоору;
2) Арал-Кичи Арал каттамына мектеп окуучуларын тартканга машруттук унаа сатып алуу долбоору;
3) Ш.Айылчиев көчөсүндөгү каналды куруу долбоору;
4) Шортон айылындагы Май-Коктудан түшкөн кыян өтүүчү каналды куруу долбоору;
2. Жумгал райондук өнүктүрүү фондунан каржылануучу долбоорго
1) Чаек айылындагы Акмат уулу Амангелди көчөсүнө өтүүчү көпүрөгө тепкич куруу долбоорлору сунушталсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго жүктөлсүн.
Төрага | А. Муталиев |