Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 13-сентябры №44/178
Кызыл-Кыя шаарынын аймагынын чек арасы жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 6-сентябрындагы №38 протоколун эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
Төрага: | Ж.Калматов |
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин “_____” “__________” №_____
2024-жылдын 13-сентябрындагы
№44/162 токтомуна
тиркеме 1
Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич!
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаары,Ош облусунун Ноокат районунун Кулатов, Төөлөс айылы жана Араван районунун Төө-Моюн айылдары менен чектеш жайгашып, аталган аймактар менен социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарын түзүп келет.
Аталган айыл аймак тургундарынын турмуш тиричилиги Кызыл-Кыя шаарына түздөн түз байланышып турат, анткени шаарга чейинки аралык 10-15 км. Ал эми жакынкы райондордун тургундары шаарда, ар кандай мекеме ишканаларда иштешип, ошондой эле көпчүлүгү борбордук базарда турмуш тирикчиликтерин өткөрүшөт.
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгына негиз, Ноокат районунун Ынтымак, Кулатов айылдарынын жашоочулары тарабынан Кызыл-Кыя шаарына кошулуу боюнча кайрылуу каттары келип түшкөн, бирок реформанын алкагында иш жүзүнө ашкан жок.
Учурда административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн экинчи этабы менен Ош областынын Ноокат районуна, Кызыл-Кыя шаарынын юридикциясында болгон, Жин-Жиген калктуу конушту жана өндүрүш аянтчасындагы мекеме ишканаларды кошуп жалпы 180 га жер аянты (Промплощадка) участогун, Ноокат районуна өткөрүлүп жаткандыгы маалым болду.
Жогоруда көрсөтүлгөн жер аянтында Кызыл-Кыя шаарынын Жин-Жиген калктуу конушу 196 түтүн түзүп, 700гө чукул жергиликтүү эл жашап келет. Мындан сырткары өнөр-жай аянтчасында, бир эки кабатуу турак үй (8 квартиралуу)үч жеке турак үй, Кызыл-Кыя көмүр акционердик коому, Электроподстанция, МТС базасы, Суу айдоочу насостук станция жана ушуга окшогон көптөгөн ишканалар жайгашкан.
Жогорудагыларга негиз, Кызыл-Кыя шаардык жергиликтүү кенешинин депутаттары административдик-аймактык реформа алкагында жүргүзүүдө бир тараптуу кабыл алынган чечимге каршы экендигин маалымдайбыз жана Сизден аталган маселени калыс чечип берүүңүздү суранабыз.