Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги IX сессиясынын
2024-жылынын 06-августу №9
“Бүргөндү–Достук айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан № 5 Белек балдар бакчасына ашкана курууга суралган акча каражатын кароо жөнүндө”
№ 5 Белек балдар бакчасынын жетекчиси Г.Маматвали кызынын балдар бакчасына ашкана куруу жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Бүргөндү–Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. № 5 Белек балдар бакчасынын жетекчиси Г.Маматвали кызынын балдар бакчасына ашкана куруу жөнүндөгү сунушу жана экономика бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
2. № 5 Белек балдар бакчасына ашкана куруу үчүн каралган акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен ажыратылып берилсин.
3.Каралган акча каражаты менен камсыздоо жана аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Календеровго жүктөлсүн.
4.Көзөмөлдөө экономика жана бюджет маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Маматаевке милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы: |
Б.Кубатов |