Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 13-сентябры № 545-т
Жергиликтүү жана эл аралык финансылык капитал рыногуна чыгуу аркылуу экономикага инвестицияларды тартуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2024-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын капитал рыногун өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы (жол картасы) (мындан ары - Иш-чаралар планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Иш-чаралар планын ишке ашырууга тартылган мамлекеттик органдар:
1) Иш-чаралар планын өз убагында жана милдеттүү түрдө аткарууну камсыз кылсын;
2) ар бир айдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ар бир айдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине берсин.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
2024-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын капитал рыногун өнүктүрүү боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ (жол картасы)
1. Эл аралык финансы рынокторунда сукук суверендүү ислам баалуу кагаздарын чыгаруу | ||||||
№ | Милдет | Иш-чаралардын аталышы | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Күтүлүүчү натыйжа | Жооптуу аткаруучулар | Каржылоо булактары |
1.1 | Укуктук база боюнча маселени иштеп чыгуу | 1. Сукук суверендүү ислам баалуу кагаздарын чыгаруу боюнча юридикалык консультация үчүн тажрыйбасы бар андеррайтерди тартуу же инвестициялык синдикатты түзүү (эл аралык финансы рынокторунда чыгаруу учурунда, мүмкүн болсо чет өлкөлүк) 2. Тышкы финансы рынокторунда чет өлкөлүк валютада сукук ислам баалуу кагаздарын жайгаштырууга мүмкүндүк берүүчү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик карызын башкаруу стратегиясына өзгөртүүлөрдү киргизүү 3. Тышкы финансы рынокторунда чет өлкөлүк валютада сукук ислам баалуу кагаздарын жайгаштырууга мүмкүндүк берүүчү жобону иштеп чыгуу 4. Ислам атайын финансылык компаниясын (SPV) түзүү, каржылоо үчүн долбоорду аныктоо | 2024-2027 | Тышкы финансы рынокторунда чет өлкөлүк валютада сукук ислам баалуу кагаздарын жайгаштырууга мүмкүндүк берүүчү укуктук база түзүлдү | ЭКМ, ФМ, Финкөзөмөл | Республикалык бюджеттин каражаттары |
1.2 | Долбоорлорду аныктоо жана рыноктун өлчөмүн баалоо | 1. Потенциалдуу долбоорлорду аныктоо үчүн жумушчу топту түзүү 2. Долбоорлордун шариат принциптерине ылайык келүүсүнө алгачкы баа берүү 3. Чыгаруу параметрлерине алдын ала баа берүү (мөөнөт, күтүлүүчү кирешелүүлүк, инвесторлор үчүн камсыздоо) 4. Сукук боюнча финансылык агымдардын толук салыктык аныктыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинен корутунду алуу | 2024-2027 | Инвестицияларды тартуу үчүн сукук чыгарууга мүмкүн болгон долбоорлор аныкталды жана рыноктун өлчөмү бааланды | ЭКМ, ФМ, Финкөзөмөл, ММБМА, ДИМК | Министрликтерге жана ведомстволорго тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде |
1.3 | Сукук суверендүү ислам баалуу кагаздарын чыгарууга макулдук алуу | Сукук суверендуу ислам баалуу кагаздарын чыгаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими | 2025-2027 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жактыруусу | ЭКМ, ФМ, Финкөзөмөл | Министрликтерге жана ведомстволорго тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде |
1.4 | Эл аралык кредиттик рейтингдер-дин үстүндө иштөө | 1. Кыргыз Республикасынын дайындалган өкүлдөрү, 2 рейтингдик агенттиктин аналитиктери менен жолугушууларды өткөрүү 2. Эмитентке (Кыргыз Республикасы) эл аралык кредиттик рейтингдерди ыйгаруу жана сукук ислам баалуу кагаздарын чыгаруу | 2024-2026 2024-2026 | Кыргыз Республикасынын кредиттик жөндөмдүүлүгүн көрсөткөн эки эл аралык кредиттик рейтинг | ЭКМ, министрликтер жана ведомстволор | Министрликтерге жана ведомстволорго тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде |
1.5 | Сукук ислам баалуу кагаздарын чыгаруу боюнча тараптарды тартуу | 1. Англис жана улуттук укук боюнча алдынкы андеррайтерлерди, уюштуруучу банктарды жана банктардын юридикалык консультантын тартуу 2. Сукук ислам баалуу кагаздарын чыгаруу долбоору боюнча белгилөөчү жолугушууну өткөрүү 3. Трастты, төлөм агентин, каттоочуну, трасттын юридикалык консультантын тартуу, фондулук биржаны тандоо | 2025-2026 | Иштердин болжолдонгон көлөмүнүн негизинде англис жана кыргыз укугу маселелери боюнча бүтүмдү юридикалык коштоо | ЭМ, ФМ, Финкөзөмөл | Республикалык бюджеттин каражаттары |
1.6 | Сукук ислам баалуу кагаздарын чыгаруу үчүн зарыл болгон документ-терди даярдоо | 1. Банктар менен Мандаттык катка (сукук ислам баалуу кагаздарын чыгарууну уюштуруу жөнүндө келишимге) кол коюу 2. Сукук ислам баалуу кагаздарынын эмиссиясынын проспектин даярдоо 3. Юридикалык текшерүү жүргүзүү үчүн профилдик министрликтердин өкүлдөрү менен жолугушуу (Due Diligence) 4. Чыгарууну мамлекеттик каттоо үчүн сукук ислам баалуу кагаздарынын эмиссиясынын проспектин берүү 5. Биржага сукук ислам баалуу кагаздарынын эмиссиясынын проспектин берүү жана акыркы макулдашууну алуу (бардыгы 3 берүү) 6. Транзакциялык документтерди даярдоо 7. Инвесторлор үчүн презентацияларды даярдоо | 2026-2027 | Эл аралык финансы рынокторунда жайгаштыруу үчүн эл аралык стандарттык талаптарга ылайык келген жана инвесторлор үчүн даяр презентацияоо үчүн даяр сукук ислам баалуу кагаздарынын эмиссиясынын проспекти | ЭМ, ФМ, Финкөзөмөл | Республикалык бюджеттин, эл аралык донорлордун каражаттары |
1.7 | Маркетинг жана чыгарууну жайгашты- РУУ | 1. Роуд-шоу өткөрүү 2. Өтүнмөлөр китебин (букбилдинг) ачуу жана жабуу, купондун ставкасын жана чыгаруунун көлөмүн аныктоо 3. Сукук ислам баалуу кагаздарын чыгаруу боюнча документтерге кол коюу 4. Бүтүм боюнча эсептешүүлөр | 2026-2027 | Эмитенттин кызыкчылыктарына ылайык келген, сукук ислам баалуу кагаздары жайгаштырылды | ФМ | Республикалык бюджеттин, эл аралык донорлордун каражаттары |
2. Капиталында мамлекеттик катышуу үлүшү бар улуттук компанияларды IPOго чыгаруу | ||||||
2.1 | Капиталында мамлекеттик катышуу үлүшү бар айрым компанияларды IPOго даярдоо боюнча иш-чараларды баштоо | 1. IPO үчүн потенциалдуу талапкерлерди аныктоо максатында капиталында мамлекеттик катышуу үлүшү бар компаниялардын арасында изилдөөлөрдү жүргүзүү | 2026-2027 | Андан ары иш үчүн IPOнун багыттарынын ар бирине үчтөн компания аныкталды жана проранжирленди | ЭКМ, ММБМА, ФМ, СӨМ, Финкөзөмөл | Республикалык бюджеттин, эл аралык донорлордун, эмитенттин каражаттары |
2. Капиталында мамлекеттик катышуу үлүшү бар тандалган компанияларды IPOro даярдоо боюнча иш-чараларды уюштуруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесин чыгаруу | Жол картасын баштоо үчүн ченемдик негиз түзүлдү | ММБМА, ФМ, СӨМ | ||||
3. Директорлор кеңешинин жана тандалган ар бир компаниянын аткаруучу жетекчилигинин деңгээлинде IPO башкаруу боюнча туруктуу иштеген топторду түзүү жөнүндө, алардын сапаты үчүн директорлор кеңешинин төрагасынын жана биринчи жетекчинин жеке жоопкерчилиги менен чечимдерди кабыл алуу | Ар бир компанияда иш башталды, IPO процесстерин башкаруу топтору түзүлдү | Акционердин милдетин аткаруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар | ||||
4. Ар бир компания тарабынан IPO даярдоо жана өткөрүү боюнча жеке иш картасын ишке ашырууну баштоо жөнүндө чечимдерди стратегиялык деңгээлде кабыл алуу (адегенде директорлор кеңеши, андан кийин аткаруучу менеджмент) | IPO өткөрүү боюнча максаттар, пландар жана милдеттер ар бир тандалган компаниянын стратегиялык пландарына киргизилди | Акционердин милдетин аткаруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар | ||||
5. Пилоттук компаниялардын акционерлеринин жалпы жыйналыштарында IPOго даярдоо жөнүндө чечимдерди жактыруу, коомдун стратегияларын, алардын бюджеттерин кайра карап чыгуу жана директорлор кеңешинин курамын жана коомдун аткаруучу органын бекитүү | IPO жөнүндө чечим, IPO максаттары аныкталды | ММБМА, СӨМ, ФМ, ААК (эмитент) | ||||
6. Мыйзамда белгиленген тартипте коомго аудит жүргүзүү | Эл аралык стандарттарга ылайык консолидацияланган финансылык отчет, аудитордук корутунду | ААК (эмитент) | ||||
7. Мыйзамда белгиленген тартипте компанияларды баалоо жана баалуу кагаздардын сатуу баасын аныктоо | Компаниянын активдеринин наркы бааланды, | ММБМА, ФМ, СӨМ, ААК (эмитент) оптималдаштырылды жана структураланды | ||||
2.2 | Мамлекеттик катышуу үлүшү бар компанияларды IPOго даярдоо | 1. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары менен тиешелүү келишимдерди түзүү | 2024-2026 | IPO өткөрүүдө алдынкы андеррайтерди белгилөө менен андеррайтерлердин тобу аныкталган | ААК (эмитент), андеррайтерлер тобу | Республикалык бюджеттин, эл аралык донорлордун, эмитенттин каражаттары |
2. IPO процесстерин коомдук чагылдыруу | IPO өткөрүүгө чейин кеминде 60 күн | Роуд-шоулар, пресс-конференциялар, инвесторлор менен жолугушуулар өткөрүлдү | ААК (эмитент), андеррайтерлер тобу | |||
3. Баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча стандарттык талаптарга жооп берген зарыл документтерди даярдоо | 2024-2026 | Эмиссиянын проспекти, компаниянын листинги | ААК (эмитент), андеррайтерлер тобу | |||
4. Компаниялардын баалуу кагаздарын чыгарууну мамлекеттик каттоо | 2024-2026 | Баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими | ААК (эмитент), андеррайтерлер тобу, Финкөзөмөл | |||
2.3 | Мамлекеттик катышуу үлүшү бар компанияларды IPOго чыгаруу | 1. Баалуу кагаздарды жайгаштыруу | 2024-2026 | (Букбилдинг) арыз китебинин ачылышы жана жабылышы | ААК (эмитент), андеррайтерлер тобу | Эл аралык донорлордун, эмитенттин каражаттары |
2. Инвесторлор менен активдүү мамилелери | 2024-2026 | Финансылык аналитиктер менен жолугушуулар уюштурулду, презентациялар жасалды | ААК (эмитент), IPO процесстерин башкаруу тобу | |||
3. Отчеттуулукка жана маалыматты ачыкка чыгарууга карата талаптар | 2024-2026 | Компания отчеттуулукка жана маалыматты ачыкка чыгарууга карата талаптарды так сактоого тийиш | ААК (эмитент), IPO процесстерин башкаруу тобу | |||
2.4 | IPO тооругунда биржалык пиктеги жогорку позицияларды колдоо | Ликвиддүүлүктү колдоо боюнча чаралар | 2024-2026 | Экинчилик рыноктогу ликвиддүүлүк | AAК (эмитент), андеррайтерлер тобу | Эл аралык донорлордун, эмитенттин каражаттары |
3. Мамлекеттик баалуу кагаздарды (еврооблигацияларды) эл аралык финансы рынокторуна чыгаруу жана жайгаштыруу | ||||||
3.1 | Эл аралык кредиттик рейтингдер-дин үстүндө иштөө | 1. S&P, Fitch жана Moodys рейтинг агенттиктеринин аналитиктери менен Кыргыз Республикасынын дайындалган өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүү 2. Эл аралык эмитентке (Кыргыз Республикасына) кредиттик рейтингдерди ыйгаруу жана еврооблигацияларды чыгаруу | 2024-2026 | Кредиттик жөндөмдүүлүктү көрсөткөн эки эл аралык кредиттик рейтинг | ЭКМ, министрликтер жана ведомстволор | Республикалык бюджеттин, эл аралык донорлордун каражаттары |
3.2 | Укуктук база боюнча маселени иштеп чыгуу | 1. Эмитентке КМШ өлкөлөрүнүн суверендүү еврооблигацияларын чыгаруу боюнча иш тажрыйбасы бар эл аралык юридикалык консультантты тартуу 2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруу стратегиясына чет өлкөлүк валютадагы облигацияларды тышкы финансы рынокторунда жайгаштырууга мүмкүндүк берүүчү өзгөртүүлөрдү киргизүү; 3. Тышкы финансы рынокторунда мамлекеттик баалуу кагаздарды чет өлкөлүк валютада жайгаштырууга мүмкүнчүлүк берүүчү жоболорду иштеп чыгуу | 2026-2027 | Чет өлкөлүк валютадагы облигацияларды тышкы финансы рынокторунда жайгаштырууга мүмкүнчүлүк берүүчү укуктук база түзүлдү | ФМ | Республикалык бюджеттин каражаттары |
3.3 | Еврооблигацияларды чыгарууга макулдук алуу | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин еврооблигацияларды чыгаруу боюнча чечими | 2026-2027 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жактыруусу | ФМ | Республикалык бюджеттин каражаттары |
3.4 | Еврооблигацияларды чыгаруу боюнча тараптарды тартуу | 1. Алдынкы уюштуруучу банктарды жана банктардын англис жана кыргыз укуктары боюнча юридикалык консультантын тартуу 2. Еврооблигацияларды чыгаруу долбоору боюнча көрсөтмө берүүчү жыйынды өткөрүү 3. Траст, төлөм агенти, регистратор, трасттын юридикалык консультанты, фонддук биржаны тандоо | 2026-2027 | Иштин божомолдонгон көлөмүнө карата англис жана кыргыз укуктарынын маселелери боюнча бүтүмдөрдү юридикалык коштоо | ФМ | Республикалык бюджеттин каражаттары |
3.5 | Еврооблигацияларды чыгаруу үчүн зарыл документтерди даярдоо | 1. Банктар менен Мандаттык катка (еврооблигацияларды чыгарууну уюштуруу жөнүндө келишим) кол коюу 2. Еврооблигациянын эмиссиясынын проспектин даярдоо 3. Юридикалык текшерүү жүргүзүү үчүн тармактык министрликтердин өкүлдөрү менен жолугушуу (Due Diligence) 4. Биржага еврооблигациялардын эмиссияларынын проспектин тапшыруу жана акыркы макулдашууну алуу (жалпы 3 жолу тапшырылат) 5. Транзакциялык документтерди даярдоо 6. Инвесторлор үчүн презентация даярдоо | 2026-2027 | Эл аралык финансы рынокторуна жайгаштыруу үчүн эл аралык стандарттык талаптарга шайкеш келген еврооблигациялардын проспекти жана инвесторлор үчүн даяр презентация | ФМ | Республикалык бюджеттин каражаттары |
3.6 | Маркетинг жана чыгарууну жайгаштыруу | 1. Роуд-шоуларды өткөрүү 2. Өтүнмөлер китебин ачуу жана жабуу (букбилдинг), купондун ставкасын жана чыгаруунун көлөмүн аныктоо 3. Еврооблигацияларды чыгаруу боюнча документтерге кол коюу 4. Бүтүм боюнча эсептешүүлөр | 2026-2027 | Эмитенттин кызыкчылыктарына ылайык келген еврооблигациялар жайгаштырылган | ФМ | Республикалык бюджеттин каражаттары |
4. Мамлекеттик баалуу кагаздарды токенизациялоо | ||||||
4.1 | Укуктук база боюнча маселени иштеп чыгуу | 1. Юридикалык консультация берүү үчүн табигый ресурстарга байланган баалуу кагаздарды токенизациялоо боюнча тажрыйбасы бар эл аралык юридикалык консультантты тартуу 2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик карызын башкаруу стратегиясына токенизацияланган мамлекеттик баалуу кагаздарды виртуалдык рынокторго жайгаштырууга мүмкүнчүлүк берүүчү өзгөртүүлөрдү киргизүү 3. Кыргыз Республикасында мамлекеттик баалуу кагаздарды токенизациялоо процессин жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу | 2026-2027 | Токендерди чыгаруу, жүгүртүү жана алмаштыруу үчүн алардын укуктук статусун аныктоочу укуктук база түзүлдү | ФМ, Финкөзөмөл, ЭКМ, ММБМА | Республикалык бюджеттин каражаттары |
4.2 | Мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгарууга, ошондой эле аларды токенизациялоого макулдук алуу | Мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгарууга, чыгарылган мамлекеттик баалуу кагаздарды токенизациялоого Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими | 2024-2026 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими | ФМ, Финкөзөмөл, ЭКМ, ММБМА | Республикалык бюджеттин каражаттары |
4.3 | Мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу | 2024-2026 | Мамлекеттик баалуу кагаздар чыгарылды | ФМ | Республикалык бюджеттин каражаттары |
4.3.1 | Токендерди мамлекеттик органдын биржада жайгаштыруусу | 1. Смарт-контракттардын негизинде токендерди чыгаруу 2. Токенизацияланган мамлекеттик баалуу кагаздарды биржада сатууга берүү | 2024-2026 | Токендер чыгарылды жана биржада жайгаштырылды | ФМ | Республикалык бюджеттин каражаттары |
4.3.2 | Токендерди жеке компаниялардын биржада жайгаштыруусу | 1. Жеке уюмдун эмитенттен мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуусу 2. Мамлекеттик баалуу кагаздарды үчүнчү компаниянын токенизациялоосу жана токенизацияланган мамлекеттик баалуу кагаздарды биржада сатуу үчүн берүүсү | 2024-2026 | Токендер чыгарылды жана биржада жайгаштырылды | ФМ, ММБМА, жеке компания (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджеттин каражаттары |
4.4 | Маркетинг жана чыгарууну жайгаштыруу | 1. Роуд-шоу өткөрүү 2. Бүтүм боюнча эсептешүүлөр | 2024-2026 | Эмитенттин кызыкчылыктарына ылайык келген токендер жайгаштырылды | ММБМА, ФМ, жеке компания (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджеттин каражаттары |
Кыскартуулардын тизмеси:
ММБМА | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик |
ДИБМК | - | Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
СӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги |
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
Финкөзөмөл | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 13-сентябры № 545-т
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-ноябрындагы № 1006-т тескемесинин редакциясына ылайык)
Жергиликтүү жана эл аралык финансылык капитал рыногуна чыгуу аркылуу экономикага инвестицияларды тартуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2024-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын капитал рыногун өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы (жол картасы) (мындан ары - Иш-чаралар планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Иш-чаралар планын ишке ашырууга тартылган мамлекеттик органдар:
1) Иш-чаралар планын өз убагында жана милдеттүү түрдө аткарууну камсыз кылсын;
2) ар бир айдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ар бир айдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине берсин.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
2024-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын капитал рыногун өнүктүрүү боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ (жол картасы)
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-ноябрындагы № 1006-т тескемесинин редакциясына ылайык)
1. Эл аралык финансы рынокторунда сукук суверендүү ислам баалуу кагаздарын чыгаруу | ||||||
№ | Милдет | Иш-чаралардын аталышы | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Күтүлүүчү натыйжа | Жооптуу аткаруучулар | Каржылоо булактары |
1.1 | Укуктук база боюнча маселени иштеп чыгуу | 1. Сукук суверендүү ислам баалуу кагаздарын чыгаруу боюнча юридикалык консультация үчүн тажрыйбасы бар андеррайтерди тартуу же инвестициялык синдикатты түзүү (эл аралык финансы рынокторунда чыгаруу учурунда, мүмкүн болсо чет өлкөлүк) 2. Тышкы финансы рынокторунда чет өлкөлүк валютада сукук ислам баалуу кагаздарын жайгаштырууга мүмкүндүк берүүчү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик карызын башкаруу стратегиясына өзгөртүүлөрдү киргизүү 3. Тышкы финансы рынокторунда чет өлкөлүк валютада сукук ислам баалуу кагаздарын жайгаштырууга мүмкүндүк берүүчү жобону иштеп чыгуу 4. Ислам атайын финансылык компаниясын (SPV) түзүү, каржылоо үчүн долбоорду аныктоо | 2024-2027 | Тышкы финансы рынокторунда чет өлкөлүк валютада сукук ислам баалуу кагаздарын жайгаштырууга мүмкүндүк берүүчү укуктук база түзүлдү | ЭКМ, ФМ, Финкөзөмөл | Республикалык бюджеттин каражаттары |
1.2 | Долбоорлорду аныктоо жана рыноктун өлчөмүн баалоо | 1. Потенциалдуу долбоорлорду аныктоо үчүн жумушчу топту түзүү 2. Долбоорлордун шариат принциптерине ылайык келүүсүнө алгачкы баа берүү 3. Чыгаруу параметрлерине алдын ала баа берүү (мөөнөт, күтүлүүчү кирешелүүлүк, инвесторлор үчүн камсыздоо) 4. Сукук боюнча финансылык агымдардын толук салыктык аныктыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинен корутунду алуу | 2024-2027 | Инвестицияларды тартуу үчүн сукук чыгарууга мүмкүн болгон долбоорлор аныкталды жана рыноктун өлчөмү бааланды | ЭКМ, ФМ, Финкөзөмөл, ММБМА, ДИМК | Министрликтерге жана ведомстволорго тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде |
1.3 | Сукук суверендүү ислам баалуу кагаздарын чыгарууга макулдук алуу | Сукук суверендуу ислам баалуу кагаздарын чыгаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими | 2025-2027 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жактыруусу | ЭКМ, ФМ, Финкөзөмөл | Министрликтерге жана ведомстволорго тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде |
1.4 | Эл аралык кредиттик рейтингдер-дин үстүндө иштөө | 1. Кыргыз Республикасынын дайындалган өкүлдөрү, 2 рейтингдик агенттиктин аналитиктери менен жолугушууларды өткөрүү 2. Эмитентке (Кыргыз Республикасы) эл аралык кредиттик рейтингдерди ыйгаруу жана сукук ислам баалуу кагаздарын чыгаруу | 2024-2026 2024-2026 | Кыргыз Республикасынын кредиттик жөндөмдүүлүгүн көрсөткөн эки эл аралык кредиттик рейтинг | ЭКМ, министрликтер жана ведомстволор | Министрликтерге жана ведомстволорго тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде |
1.5 | Сукук ислам баалуу кагаздарын чыгаруу боюнча тараптарды тартуу | 1. Англис жана улуттук укук боюнча алдынкы андеррайтерлерди, уюштуруучу банктарды жана банктардын юридикалык консультантын тартуу 2. Сукук ислам баалуу кагаздарын чыгаруу долбоору боюнча белгилөөчү жолугушууну өткөрүү 3. Трастты, төлөм агентин, каттоочуну, трасттын юридикалык консультантын тартуу, фондулук биржаны тандоо | 2025-2026 | Иштердин болжолдонгон көлөмүнүн негизинде англис жана кыргыз укугу маселелери боюнча бүтүмдү юридикалык коштоо | ЭМ, ФМ, Финкөзөмөл | Республикалык бюджеттин каражаттары |
1.6 | Сукук ислам баалуу кагаздарын чыгаруу үчүн зарыл болгон документ-терди даярдоо | 1. Банктар менен Мандаттык катка (сукук ислам баалуу кагаздарын чыгарууну уюштуруу жөнүндө келишимге) кол коюу 2. Сукук ислам баалуу кагаздарынын эмиссиясынын проспектин даярдоо 3. Юридикалык текшерүү жүргүзүү үчүн профилдик министрликтердин өкүлдөрү менен жолугушуу (Due Diligence) 4. Чыгарууну мамлекеттик каттоо үчүн сукук ислам баалуу кагаздарынын эмиссиясынын проспектин берүү 5. Биржага сукук ислам баалуу кагаздарынын эмиссиясынын проспектин берүү жана акыркы макулдашууну алуу (бардыгы 3 берүү) 6. Транзакциялык документтерди даярдоо 7. Инвесторлор үчүн презентацияларды даярдоо | 2026-2027 | Эл аралык финансы рынокторунда жайгаштыруу үчүн эл аралык стандарттык талаптарга ылайык келген жана инвесторлор үчүн даяр презентацияоо үчүн даяр сукук ислам баалуу кагаздарынын эмиссиясынын проспекти | ЭМ, ФМ, Финкөзөмөл | Республикалык бюджеттин, эл аралык донорлордун каражаттары |
1.7 | Маркетинг жана чыгарууну жайгашты- РУУ | 1. Роуд-шоу өткөрүү 2. Өтүнмөлөр китебин (букбилдинг) ачуу жана жабуу, купондун ставкасын жана чыгаруунун көлөмүн аныктоо 3. Сукук ислам баалуу кагаздарын чыгаруу боюнча документтерге кол коюу 4. Бүтүм боюнча эсептешүүлөр | 2026-2027 | Эмитенттин кызыкчылыктарына ылайык келген, сукук ислам баалуу кагаздары жайгаштырылды | ФМ | Республикалык бюджеттин, эл аралык донорлордун каражаттары |
2. Капиталында мамлекеттик катышуу үлүшү бар улуттук компанияларды IPOго чыгаруу | ||||||
2.1 | Капиталында мамлекеттик катышуу үлүшү бар айрым компанияларды IPOго даярдоо боюнча иш-чараларды баштоо | 1. IPO үчүн потенциалдуу талапкерлерди аныктоо максатында капиталында мамлекеттик катышуу үлүшү бар компаниялардын арасында изилдөөлөрдү жүргүзүү | 2026-2027 | Андан ары иш үчүн IPOнун багыттарынын ар бирине үчтөн компания аныкталды жана проранжирленди | ЭКМ, ММБМА, ФМ, Финкөзөмөл | Республикалык бюджеттин, эл аралык донорлордун, эмитенттин каражаттары |
2. Капиталында мамлекеттик катышуу үлүшү бар тандалган компанияларды IPOro даярдоо боюнча иш-чараларды уюштуруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесин чыгаруу | Жол картасын баштоо үчүн ченемдик негиз түзүлдү | ММБМА, ФМ | ||||
3. Директорлор кеңешинин жана тандалган ар бир компаниянын аткаруучу жетекчилигинин деңгээлинде IPO башкаруу боюнча туруктуу иштеген топторду түзүү жөнүндө, алардын сапаты үчүн директорлор кеңешинин төрагасынын жана биринчи жетекчинин жеке жоопкерчилиги менен чечимдерди кабыл алуу | Ар бир компанияда иш башталды, IPO процесстерин башкаруу топтору түзүлдү | Акционердин милдетин аткаруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, СӨИТМди кошпогондо | ||||
4. Ар бир компания тарабынан IPO даярдоо жана өткөрүү боюнча жеке иш картасын ишке ашырууну баштоо жөнүндө чечимдерди стратегиялык деңгээлде кабыл алуу (адегенде директорлор кеңеши, андан кийин аткаруучу менеджмент) | IPO өткөрүү боюнча максаттар, пландар жана милдеттер ар бир тандалган компаниянын стратегиялык пландарына киргизилди | Акционердин милдетин аткаруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, СӨИТМди кошпогондо | ||||
5. Пилоттук компаниялардын акционерлеринин жалпы жыйналыштарында IPOго даярдоо жөнүндө чечимдерди жактыруу, коомдун стратегияларын, алардын бюджеттерин кайра карап чыгуу жана директорлор кеңешинин курамын жана коомдун аткаруучу органын бекитүү | IPO жөнүндө чечим, IPO максаттары аныкталды | ММБМА, ФМ, ААК (эмитент) | ||||
6. Мыйзамда белгиленген тартипте коомго аудит жүргүзүү | Эл аралык стандарттарга ылайык консолидацияланган финансылык отчет, аудитордук корутунду | ААК (эмитент) | ||||
7. Мыйзамда белгиленген тартипте компанияларды баалоо жана баалуу кагаздардын сатуу баасын аныктоо | Компаниянын активдеринин наркы бааланды, | ММБМА, ФМ, ААК (эмитент) оптималдаштырылды жана структураланды | ||||
2.2 | Мамлекеттик катышуу үлүшү бар компанияларды IPOго даярдоо | 1. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары менен тиешелүү келишимдерди түзүү | 2024-2026 | IPO өткөрүүдө алдынкы андеррайтерди белгилөө менен андеррайтерлердин тобу аныкталган | ААК (эмитент), андеррайтерлер тобу | Республикалык бюджеттин, эл аралык донорлордун, эмитенттин каражаттары |
2. IPO процесстерин коомдук чагылдыруу | IPO өткөрүүгө чейин кеминде 60 күн | Роуд-шоулар, пресс-конференциялар, инвесторлор менен жолугушуулар өткөрүлдү | ААК (эмитент), андеррайтерлер тобу | |||
3. Баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча стандарттык талаптарга жооп берген зарыл документтерди даярдоо | 2024-2026 | Эмиссиянын проспекти, компаниянын листинги | ААК (эмитент), андеррайтерлер тобу | |||
4. Компаниялардын баалуу кагаздарын чыгарууну мамлекеттик каттоо | 2024-2026 | Баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими | ААК (эмитент), андеррайтерлер тобу, Финкөзөмөл | |||
2.3 | Мамлекеттик катышуу үлүшү бар компанияларды IPOго чыгаруу | 1. Баалуу кагаздарды жайгаштыруу | 2024-2026 | (Букбилдинг) арыз китебинин ачылышы жана жабылышы | ААК (эмитент), андеррайтерлер тобу | Эл аралык донорлордун, эмитенттин каражаттары |
2. Инвесторлор менен активдүү мамилелери | 2024-2026 | Финансылык аналитиктер менен жолугушуулар уюштурулду, презентациялар жасалды | ААК (эмитент), IPO процесстерин башкаруу тобу | |||
3. Отчеттуулукка жана маалыматты ачыкка чыгарууга карата талаптар | 2024-2026 | Компания отчеттуулукка жана маалыматты ачыкка чыгарууга карата талаптарды так сактоого тийиш | ААК (эмитент), IPO процесстерин башкаруу тобу | |||
2.4 | IPO тооругунда биржалык пиктеги жогорку позицияларды колдоо | Ликвиддүүлүктү колдоо боюнча чаралар | 2024-2026 | Экинчилик рыноктогу ликвиддүүлүк | AAК (эмитент), андеррайтерлер тобу | Эл аралык донорлордун, эмитенттин каражаттары |
3. Мамлекеттик баалуу кагаздарды (еврооблигацияларды) эл аралык финансы рынокторуна чыгаруу жана жайгаштыруу | ||||||
3.1 | Эл аралык кредиттик рейтингдер-дин үстүндө иштөө | 1. S&P, Fitch жана Moodys рейтинг агенттиктеринин аналитиктери менен Кыргыз Республикасынын дайындалган өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүү 2. Эл аралык эмитентке (Кыргыз Республикасына) кредиттик рейтингдерди ыйгаруу жана еврооблигацияларды чыгаруу | 2024-2026 | Кредиттик жөндөмдүүлүктү көрсөткөн эки эл аралык кредиттик рейтинг | ЭКМ, министрликтер жана ведомстволор | Республикалык бюджеттин, эл аралык донорлордун каражаттары |
3.2 | Укуктук база боюнча маселени иштеп чыгуу | 1. Эмитентке КМШ өлкөлөрүнүн суверендүү еврооблигацияларын чыгаруу боюнча иш тажрыйбасы бар эл аралык юридикалык консультантты тартуу 2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруу стратегиясына чет өлкөлүк валютадагы облигацияларды тышкы финансы рынокторунда жайгаштырууга мүмкүндүк берүүчү өзгөртүүлөрдү киргизүү; 3. Тышкы финансы рынокторунда мамлекеттик баалуу кагаздарды чет өлкөлүк валютада жайгаштырууга мүмкүнчүлүк берүүчү жоболорду иштеп чыгуу | 2026-2027 | Чет өлкөлүк валютадагы облигацияларды тышкы финансы рынокторунда жайгаштырууга мүмкүнчүлүк берүүчү укуктук база түзүлдү | ФМ | Республикалык бюджеттин каражаттары |
3.3 | Еврооблигацияларды чыгарууга макулдук алуу | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин еврооблигацияларды чыгаруу боюнча чечими | 2026-2027 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жактыруусу | ФМ | Республикалык бюджеттин каражаттары |
3.4 | Еврооблигацияларды чыгаруу боюнча тараптарды тартуу | 1. Алдынкы уюштуруучу банктарды жана банктардын англис жана кыргыз укуктары боюнча юридикалык консультантын тартуу 2. Еврооблигацияларды чыгаруу долбоору боюнча көрсөтмө берүүчү жыйынды өткөрүү 3. Траст, төлөм агенти, регистратор, трасттын юридикалык консультанты, фонддук биржаны тандоо | 2026-2027 | Иштин божомолдонгон көлөмүнө карата англис жана кыргыз укуктарынын маселелери боюнча бүтүмдөрдү юридикалык коштоо | ФМ | Республикалык бюджеттин каражаттары |
3.5 | Еврооблигацияларды чыгаруу үчүн зарыл документтерди даярдоо | 1. Банктар менен Мандаттык катка (еврооблигацияларды чыгарууну уюштуруу жөнүндө келишим) кол коюу 2. Еврооблигациянын эмиссиясынын проспектин даярдоо 3. Юридикалык текшерүү жүргүзүү үчүн тармактык министрликтердин өкүлдөрү менен жолугушуу (Due Diligence) 4. Биржага еврооблигациялардын эмиссияларынын проспектин тапшыруу жана акыркы макулдашууну алуу (жалпы 3 жолу тапшырылат) 5. Транзакциялык документтерди даярдоо 6. Инвесторлор үчүн презентация даярдоо | 2026-2027 | Эл аралык финансы рынокторуна жайгаштыруу үчүн эл аралык стандарттык талаптарга шайкеш келген еврооблигациялардын проспекти жана инвесторлор үчүн даяр презентация | ФМ | Республикалык бюджеттин каражаттары |
3.6 | Маркетинг жана чыгарууну жайгаштыруу | 1. Роуд-шоуларды өткөрүү 2. Өтүнмөлер китебин ачуу жана жабуу (букбилдинг), купондун ставкасын жана чыгаруунун көлөмүн аныктоо 3. Еврооблигацияларды чыгаруу боюнча документтерге кол коюу 4. Бүтүм боюнча эсептешүүлөр | 2026-2027 | Эмитенттин кызыкчылыктарына ылайык келген еврооблигациялар жайгаштырылган | ФМ | Республикалык бюджеттин каражаттары |
4. Мамлекеттик баалуу кагаздарды токенизациялоо | ||||||
4.1 | Укуктук база боюнча маселени иштеп чыгуу | 1. Юридикалык консультация берүү үчүн табигый ресурстарга байланган баалуу кагаздарды токенизациялоо боюнча тажрыйбасы бар эл аралык юридикалык консультантты тартуу 2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик карызын башкаруу стратегиясына токенизацияланган мамлекеттик баалуу кагаздарды виртуалдык рынокторго жайгаштырууга мүмкүнчүлүк берүүчү өзгөртүүлөрдү киргизүү 3. Кыргыз Республикасында мамлекеттик баалуу кагаздарды токенизациялоо процессин жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу | 2026-2027 | Токендерди чыгаруу, жүгүртүү жана алмаштыруу үчүн алардын укуктук статусун аныктоочу укуктук база түзүлдү | ФМ, Финкөзөмөл, ЭКМ, ММБМА | Республикалык бюджеттин каражаттары |
4.2 | Мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгарууга, ошондой эле аларды токенизациялоого макулдук алуу | Мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгарууга, чыгарылган мамлекеттик баалуу кагаздарды токенизациялоого Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими | 2024-2026 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими | ФМ, Финкөзөмөл, ЭКМ, ММБМА | Республикалык бюджеттин каражаттары |
4.3 | Мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу | 2024-2026 | Мамлекеттик баалуу кагаздар чыгарылды | ФМ | Республикалык бюджеттин каражаттары |
4.3.1 | Токендерди мамлекеттик органдын биржада жайгаштыруусу | 1. Смарт-контракттардын негизинде токендерди чыгаруу 2. Токенизацияланган мамлекеттик баалуу кагаздарды биржада сатууга берүү | 2024-2026 | Токендер чыгарылды жана биржада жайгаштырылды | ФМ | Республикалык бюджеттин каражаттары |
4.3.2 | Токендерди жеке компаниялардын биржада жайгаштыруусу | 1. Жеке уюмдун эмитенттен мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуусу 2. Мамлекеттик баалуу кагаздарды үчүнчү компаниянын токенизациялоосу жана токенизацияланган мамлекеттик баалуу кагаздарды биржада сатуу үчүн берүүсү | 2024-2026 | Токендер чыгарылды жана биржада жайгаштырылды | ФМ, ММБМА, жеке компания (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджеттин каражаттары |
4.4 | Маркетинг жана чыгарууну жайгаштыруу | 1. Роуд-шоу өткөрүү 2. Бүтүм боюнча эсептешүүлөр | 2024-2026 | Эмитенттин кызыкчылыктарына ылайык келген токендер жайгаштырылды | ММБМА, ФМ, жеке компания (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджеттин каражаттары |
Кыскартуулардын тизмеси:
ММБМА | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик |
ДИБМК | - | Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
СӨИТМ | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги”. |