Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
VII чакырылышындагы VI кезексиз сессиясы
2024-жылдын 15-июлу №78
Жалпы Ак-Терек айыл аймагындагы “Калктуу конушка” которулган (трансформациялоо) жер аянттарынын ѳлчѳмдѳрү 0,10 га жер тилкесинен бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин “Жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө жергиликтүү кеңештердин компетенциясы” 18-беренесине ылайык,Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Жерлерди которуу (трансформациялоо) боюнча айыл ѳкмѳтү тарабынан даярдалган иш кагаздарынын негизинде, жалпы Ак-Терек айыл аймагындагы “Калктуу конушка” которулган (трансформациялоо) жер аянттарынын ѳлчѳмдѳрү 0,10 га жер тилкесинен бекитип берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу муниципалдык менчикти башкаруу боюнча башкы адиси Т. Мамбетжунушовго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Ж.Сугатчиевага тапшырылсын.
Тѳрага Б.Б. Барыктабасов
Жооптуу катчы М.Б. Эсеналиева