Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 10-сентябры № 210
Кадамжай шаардык мэриясынын 2024-жылдын 6 айында жасаган иштери жөнүндө отчету
Кадамжай шаардык кеңеши Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 27-беренесине негиз шаардык мэриянын аппараты тарабынан 2024-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен шаарда бир топ уюштуруучулук жана практикалык иштер аткарылган.
Шаардын экономикалык өнүгүүсү үчүн атайын стратегиялык план бекитилип, планга ылайык жумуштар өз ирети менен аткарылууда.
Жылдын башында 6 айга бекитилген план 42756,6 миң сом, ал эми берилген план 43756,6 миң сом, аткарылганы 54576,6 миң сомду түзүп же болбосо 10713,7 миң сомго көп аткарылып, 124,5 пайызды түздү.
2024-жылдын 6 айында социалдык-экономикалык өнүгүү программасын аткаруунун үстүндө иш жүргүзүлүп, шаардагы кичи жана орто бизнестин субьекттери, социалдык инфраструктураны өнүктүрүү, макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү жогорулатуу боюнча бир топ натыйжалуу иштерди алып барышты.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 6-пунктунун негизинде Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевдин 2024-жылдын 6 айында аткарылган иштер боюнча отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Мэриянын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин курулуш иштеринин сапаты, бюджетти толтуруу жана аны сарамжалдуу иштетүү, шаардык кеңештин токтомдорун өз убагында аткаруу жагы каттуу контролго алынсын.
3. Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин:
- шаардык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында киреше булактарын аныктап, иш-чараларды иштеп чыгуу;
- шаардын тазалыгын камсыздоо боюнча атайын иш чараларды иштеп чыгуу;
- шаардын тургундарын, чарбалык субъектерди суу, айрыкча кыш мезгилинде электр энергиясы менен үзгултүксүз камсыз кылуу, ошондой эле электр энергияны үнөмдөө боюнча иш чараларды түзүү;
- Балдар ойноочу аянттарын оңдоо, кароодон өткөрүү;
- шаардагы коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин төрагасына тапшырылсын.
Тѳрага: | А.Абдыразаков |