Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 10-сентябры № 222
Анкурсай участкасына автомашина өтүүчү көпүрө курууга акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңеши Анкурсай участкасына автомашина өтүүчү көпүрө курууга акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө маселени шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 34-беренесине негиз
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Анкурсай участкасына автомашина өтүүчү көпүрө курууга 700 000 (жети жүз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага: | А.Абдыразаков |