Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 10-сентябры № 223
Кадамжай шаардык мэриясынын бюджетинин киреше салыгын көбөйтүү жөнүндө
Кадамжай шаардык мэриясынын бюджети 2024-жылдын 12 айына бекитилген планы 83632,1 миң сом, ал эми жеткирилген планы 92332,1 миң сомду түзөт. Бирок жыл ичинде 100871,3 миң сом түшүүсү күтүлүүдө.
2024-жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча такталган киреше план тапшырма 65849,3 миң сомду түзөт, аткарылганы 72020,0 миң сомду түзүп, 6170,7 миң сомго көп аткарылды же болбосо 109,4 пайызды түздү. Жыл аягына чейин 8539,2 миң сом түшүүсү күтүлүүдө.
Ошондуктан тогуз айдын жыйынтыгы боюнча киреше салыгын көбөйтүп берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап, талкуулап чыгып Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаардык мэриясынын бюдежитинин киреше салыгы төмөндөгүдөй болуп көбөйтүлсүн:
11111100 “Салык агенти төлөөчү киреше салыгын” – 2000,0 миң сомго.
11111200 “Бирдиктүү салык декларациясы боюнча” – 289,2 миң сомго.
11311200 “Жеке жактардын транспорттук каражаттарын” – 200,0 миң сомго.
11321100 “Короо жанындагы жана дачалык участокторун пайдалануу үчүн жер салыгын” – 200,0 миң сомго.
11321300 “Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл-чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгын” – 3000,0 миң сомго.
14151200 “Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн акы” – 500,0 миң сомго.
14152100 “Калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы” – 550,0 миң сомго.
14224200 “Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым” – 100,0 миң сомго.
31111110 “Батирлерди сатуу” – 700,0 миң сомго.
31412110 “Айыл-чарбасына жараксыз жерлерди сатуу” – 1000,0 миң сомго.
Жалпысынан киреше салыгын 8539,2 миң сомго.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
Тѳрага: | А.Абдыразаков |