Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 10-сентябры № 226
Кадамжай шаардык мэриясынын 2024-жылдын 9-сентябрындагы 01-06-1650 номери менен чыгышталган кайрылуусу жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңешишаардык мэриянын “2024-жылдын иш планындагы иштерге жыл башында каралган акча каражаты жетпей калгандыгына байланыштуу кошумча акча каражатын ажыратып берүү тууралуу” кайрылуусун жана шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 34-беренесине негиз
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Шаардын аймагындагы ички жолдорго асфальт төшөө иштерине 12 251,0 миң сом;
- Таштанды таштоочу жайларды оңдоо жана аларга контейнерлерди орнотуу иштерине 1 000,0 миң сом;
- Шаардын чоң көчөлөрүнүн жээктерин көрктөндүрүү иштерине 3 000,0 миң сом;
- Балдар ойноочу аянтчаларын оңдоо, жаңыдан сатып алып орнотуу иштерине 1 200,0 миң сом;
- Ар кандай долбоордук сметалык иш кагаздарын даярдоого 2 500,0 миң сом;
- Шаар аймагына курулуучу жабык типтеги спорттук бассейндин курулуш иштерине 3 000,0 миң сом.
Тѳрага: | А.Абдыразаков |