Загрузка документа…
ИСХАК-ПОЛОТХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылыш кезектеги 40 сессиясы
2024-жылдын 6-августу № 142
Исхак-Полотхан айыл өкмөтү тарабынан сунушталган долбоорлорго өздүк салым кошууга макулдук берүү жөнүндө
Исхак-Полотхан айыл аймагынын жетинчи чакырылыш кезектеги кыркынчы сессиясына сунушталган маселелерди жана айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы С.Ормоновдун 2025-жылга долбоорлорду даярдоо боюнча сунушун талкуулап чыгып, Исхак-Полотхан айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата түрдүү булактардан каржыланган курулуштарга, бюджеттен өздүк салымдарды кошууга №1 тиркемеге ылайык макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Дыкановго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, инвестиция, экономика, ишкердик иштери жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңештин регламентинин талаптарына ылайык, ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы А.Араповага милдеттендирилсин.
Төрага | Матажиев Г. |