Загрузка документа…
ИСХАК-ПОЛОТХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылыш кезектеги 40 сессиясы
2024-жылдын 6-августу № 143
Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн 2024-жылга карата аткарылышы жана бюджетке өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө
Исхак-Полотхан айыл аймагынын жетинчи чакырылыш кезектеги кыркынчы сессиясына сунушталган маселелерди жана айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы С.Ормоновдун сунушун талкуулап чыгып,Исхак-Полотхан айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышы жөнүндө.
2. Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин кирешелер бөлүгүнүн бекитилген пландан ашыкча түшүүсү, Республикалык бюджеттен берилген максаттуу трансферттер жана чыгашалар бөлүгүнүн үнөмдөлгөн каражаттарынын эсебинен, 2024-жылдын бюджетине өзгөртүүлөр киргизилсин (тиркеме №1,№2)
3. Токтомду аткарууга алуу Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Дыкановго милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, инвестиция, экономика, ишкердик иштери жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5 Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңештин регламентинин талаптарына ылайык, ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы А.Араповага милдеттендирилсин.
Төрага | Матажиев Г. |