Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХХVIII сессиясынын
2024-жылдын 10 сентябры № 38/4
Айыл тургундарынын жана бала бакча, мектеп окуучуларынын коопсуздугунун алдын алуу жана жол кырсыктарын болтурбоо максатында жолго атайын ылдамдыкты азайтуу үчүн бөгөттөрдү коюуга макулдук берүү жөнүндө
Айыл тургундарынын арызына негиз жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы У.Астанаевдын билдирүүсүн угуп жана талкуулап А.Масалиев айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ташкоргон айылындагы эски мал базардын жолуна, Разъезд айылындагы “Келечек” балдар бакчасына жана Разъезд айылындагы Алишер Навои атындагы орто мектебине чон жолго айыл тургундарынын жана окуучулардын коопсуздугунун алдын алуу, жол кырсыктарын болтурбоо максатында жолго атайын ылдамдыкты азайтуу үчүн бөгөттөрдү коюуга макулдук берилсин.
2. Алыш аркасынан Уч-Коргонго өтүүчү көпүрөөгө чейинки жолго атайын ылдамдыкты азайтуу үчүн бөгөттөрдү коюуга макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.Галботоев |