Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХХVIII сессиясынын
2024-жылдын 10 сентябры № 38/9
А.Масалиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 2023-жылдын 18-январындагы кезектеги XVII сессиясынын № 17/4 сандуу токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13 ст. жана Кара-Дөбө айыл өкмөтүнүн 28.11.2003-жылдагы №83 токтомундагы муниципалдык менчиктеги А.Орозбеков атындагы орто мектебинин жер аянтынан кошумча бала бакча куруу үчүн жер ажыратуу жөнүндө 2017-жылдын 30-январында №5 токтому менен 0.10 га жер аянты ажыратылып берилгендигине байланыштуу 2023-жылдын 18-январындагы кезектеги XVII сессиясынын № 17/4 сандуу токтому менен бала бакчага ажыратылган 4500 ч.м жер аянтын кыскартып токтомго өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү максатында А.Масалиев айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ К Ы Л А Т:
1. А.Масалиев айылдык кеңешинин 2023-жылдын 18-январындагы кезектеги XVII сессиясынын № 17/4 сандуу токтомунун 1-пунктундагы 4500 чарчы метр жер аянты 3500 чарчы метр жер аянты болуп өзгөртүлсүн.
Төрага |
Т.Галботоев |