Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
VII чакырылышындагы VI кезексиз сессиясы
2024-жылдын 15-июлу №81
Тоң райондук ѳнүктүрүү фондусуна долбоор сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, Жергиликтүү Кеӊештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык, жана жергиликтүү элдин жашоо шарттарын оңдоо ирээтинде Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ж.Ж. Зарнаевдин сунушун угуп, талкуулап Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Терек айыл өкмөтү тарабынан сунушталган Бар-Булак айылына бала бакча куруу үчүн долбоордук сметалык документтери жактырылсын.
2. Ак-Терек айыл аймагындагы Бар-Булак айылына бала бакча куруу үчүн долбоордук сметалык документтери Тоң райондук өнүктүрүү фондусуна сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Ж. Зарнаевке милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Р. Молдобаевага тапшырылсын.
Тѳрага Б.Б. Барыктабасов