Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 22-августу № 491
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 440 "Кыргыз Республикасында оюн-зоок иштери чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө жободо:
- 17-пунктта "касса" деген сөз "оюн-зоок жайынын кассасы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 23-пункт "Кыргыз Республикасынын аймагындагы" деген сөздөрдөн кийин "оюн-зоок жайынан тышкары" деген сөздөр менен толукталсын;
- 27-пункт "казино столунун" деген сөздөрдөн кийин ", оюн автоматтарынын" деген сөздөр менен толукталсын;
- 29-пунктта "жеке ресторанда, мейманкана комплексинде" деген сөздөр "рестораны бар мейманкана комплексинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 35-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"35. Казинодо пайдаланылуучу оюн шаймандары сейфте сакталат жана жумуш күнүнүн башында кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча казинонун оюн-зоок залына жана казинонун кассасына өткөрүлүп берилет, ал эми жумуш күнүнүн аягында кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын негизинде ички регламентте белгиленген форма боюнча кайтарылат.";
- 37-пунктта:
расмий тилдеги текстте "в течение месяца" деген сөздөр "в течение трех месяцев" деген сөздөргө алмаштырылсын;
мамлекеттик тилде "көзөмөлдөнүүгө тийиш" деген сөздөрдөн кийин "жана сакталышын камсыз кылуучу шарттарда үч айдын ичинде сакталышы керек" деген сөздөр менен толукталсын;
- 40-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"40. Оюн столдорунун, оюн автоматтары залынын оюн зоналарынын, тотализаторлордун, букмекердик кеңселердин, оюн дөңгөлөгүнүн (рулетка) столдорунун жана казинонун кассасынын видеожазуулары үч айдын ичинде сакталышын камсыз кылуучу шарттарда сакталууга тийиш жана укук коргоо жана контролдоочу органдардын талабы боюнча алардын текшерүүсү үчүн берилип турушу керек.";
- 44-46-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"44. Оюн автоматтары залы - оюн автоматтарын пайдалануу менен кумар оюндары өткөрүлүүчү казинодо жайгашкан оюн зонасы.
45. Оюн автоматтары залы казинодо жайгашкан оюн зонасында болушу керек, андагы оюн зонасынын аянты 200 квадрат метрден кем эмес болууга тийиш.
46. Оюн автоматтары залынын оюн зонасында милдеттүү түрдө алтымыштан кем эмес оюн автоматтары орнотулушу керек.";
- 53-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"53. Букмекердик кеңселер жана тотализаторлор казинодо жайгашкан букмекердик кеңселерде же тотализаторлордо кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча ишти жүзөгө ашырууга карата лицензиялардын негизинде гана ачылышы мүмкүн.";
- 56-пунктта ", алардын ставкаларды кабыл алуу пункттарында" деген сөздөр алып салынсын;
- 64-пункт "ким экендигин ырастаган документтерди көрсөткөндө" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле букмекердик кеңсе оюнчуда (букмекердик конторадагы мелдештин кардары же катышуучусу) Кыргыз Республикасынын жарандыгы жок экендигин аныктагандан кийин" деген сөздөр менен толукталсын;
- 66-пункт "ставкаларды кабыл алуу" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкындагы" деген сөздөр менен толукталсын;
- 72-пунктта ", алардын ставкаларды кабыл алуу пункттарында" деген сөздөр алып салынсын;
- 73-пункттун 8-пунктчасы "чет мамлекеттин жараны болуп саналган," деген сөздөрдөн кийин "21 жашка толгон, аракетке жөндөмдүү," деген сөздөр менен толукталсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишин лицензиялоо жөнүндө жободо:
- 3-пункттун 4-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 13-пунктта:
1-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:
"- белгиленген стандарттарга ылайык келүүсүн күбөлөндүрүүчү жана Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан ырасталган оюн жабдууларынын, адистештирилген программалык продукттардын сертификациялоо жол-жобосунан өткөндүгү жөнүндө документтерди;";
- 2-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"- белгиленген стандарттарга ылайык келүүсүн күбөлөндүрүүчү жана Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан ырасталган оюн жабдууларынын, адистештирилген программалык продукттардын сертификациялоо жол-жобосунан өткөндүгү жөнүндө документтерди;";
- 14-пунктта "12-пунктунда" деген сөздөр "13-пунктунда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Оюн-зоок ишинин субъекттери тарабынан отчет берүүнүн жана маалыматты ачыкка чыгаруунун тартиби жөнүндө жободо:
- жогоруда аталган Жобонун 2-тиркемесинин алтынчы сабы "Жетондордун жүгүртүлүшү" деген сөздөрдөн кийин "(кардарлардан кабыл алынган акча каражаттарынын көлөмү)" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 459 "Оюн-зоок ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензияны берүү үчүн төлөнүүчү акыны белгилөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункттун 2-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |