Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
VII чакырылышындагы VII кезектеги сессиясы
2024-жылдын 12-августу №85
Жер участокторун которуу (трансформациялоо) боюнча сунуштама киргизүү жөнүндө
__________________________________________________________________________
Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн №01-9/718 чыгыш санду сунушунун негизинде, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын, Ак-Терек айыл аймагынын Кара-Коо айылынын “Стан” участкасынан №515, №516, №514, №518, №517, №519, №508, №506, №507, №504, №510, №519, №520, №538, №601, №761, №767, №762, №763, №759, №769, №772, №771 контурунда жайгашкан 70,0 га жер аянтынатурак жай салуу үчүн, жер аянтын “Жайыт жерлерден” башка категорияга, б.а. “Калктуу конуштар” категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо берүүгө макулдук берүү жөнүндө сунушун угуп, талкуулап Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Терек айыл аймагынын Кара-Коо айылынын “Стан” участкасынан №515, №516, №514, №518, №517, №519, №508, №506, №507, №504, №510, №519, №520, №538, №601, №761, №767, №762, №763, №759, №769, №772, №771 контурунда жайгашкан 70,0 га жер аянтын “Жайыт жерлерден” башка категорияга, б.а. “Калктуу конуштар” категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Ж. Зарнаевке жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Ж.Сугатчиевага милдеттендирилсин.
Тѳрага Б.Б. Барыктабасов