Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
VII чакырылышындагы VII кезектеги сессиясы
2024-жылдын 12-августу №87
Жер участокторун которуу (трансформациялоо) боюнча сунуштама киргизүү жөнүндө
Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн №01-9/718 чыгыш санду сунушунун негизинде, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын, Ак-Терек айыл аймагынын Кара-Коо айылынын “Стан” участкасынан №490 контурунда жайгашкан 3,30 га жер аянтынаташтанды төгүлүүчү жайына, жер аянтын “Жайыт жерлерден” башка категорияга, б.а. “Ѳнөр-жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо берүүгө макулдук берүү жөнүндө сунушун угуп, талкуулап Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Терек айыл аймагынын Кара-Коо айылынын “Стан” участкасынан №490 контурунда жайгашкан 3,30 га жер аянтын “Жайыт жерлерден” башка категорияга, б.а. “Ѳнөр-жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Ж. Зарнаевке жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Ж. Сугатчиевага милдеттендирилсин.
Тѳрага Б.Б. Барыктабасов