Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8 августундагы № 482 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 23-августу № 498
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 287 "Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун уюштуруу жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү идентификациялоо маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү идентификациялоонун мамлекеттик тутумун регламентациялоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 287 "Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун уюштуруу жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү идентификациялоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун уюштуруу жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү идентификациялоо тартибинде:
- 25-пунктта:
экинчи абзацта "биринчи активдүүлүк учурунан тартып 30 календардык күндүн ичинде" деген сөздөр алып салынсын;
үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |