Редакцияот 27.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

 

ТОКТОМ

 

 Ак-Терек айыл  аймагынын жергиликтүү  кеңешинин

VII  чакырылышындагы VII кезектеги сессиясы

 

 

2024-жылдын 12-августу №93                                                                        

 

Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн 2024-жылдагы бюджетине

ѳзгѳртүү киргизүү жөнүндө

        

          Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап,  Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

1.    Бар-Булак таза суусуна   АРИС долбоору аркылуу Бар-Булак айылына салынып жаткан таза сууга ѳздүк салым катары суу эсептегичтерди алып берүү үчүн 2024-жылдын 1-январына калган калдыктан каралган 350,0 миӊ сомдун тендерден үнѳмдѳлүп калган 111, 7 миӊ сому ЖКХнын 2222 беренесинен ЖКХнын 3112 беренесине мотороллер алуу үчүн жылдырылсын.

 

2. Токтомдун аткарылышын Ак-Терек айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык ѳнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Абдыраевге тапшырылсын.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Р. Молдобаевага  милдеттендирилсин.

 

 

Тѳрага                                                                                                  Б.Б. Барыктабасов

 

Жооптуу катчы                                                                                  М.Б. Эсеналиева