Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
VII чакырылышындагы VII кезектеги сессиясы
2024-жылдын 12-августу №94
2024-жылга айыл ѳкмѳтүнүн бюджетине дыйкандардын үлүш жеринин салыгынан түшүүчү акча каражатын компенсация кылуу үчүн республикалык бюджеттен бѳлүнгѳн 326,1 миӊ сомдун бѳлүнүшү жѳнүндѳ
Ак-Терек айыл аймагынын ѳкмѳтүнүн 2024-жылдын бюджетине республикалык бюджеттен дыйкандардын үлүш жеринин салыгынан түшүүчү акча каражатын компенсациялоого түшкѳн 326,1 миӊ сом жѳнүндѳгү маселе боюнча, Ак-Терек айыл аймагынын социалдык-экономикалык ѳнүктүрүү бѳлүмүнүн башчысы К.М. Абдыраевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн бюджетине республикалык бюджеттен бѳлүнгѳн 326,1 миӊ сому Кара-Коо айылындагы №8 бала бакчага кошумча тайпа ачууга инвентарларды алууга бала бакчалардын 3112 беренесине каралсын.
2. Токтомдун аткарылышын Ак-Терек айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык ѳнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Абдыраевге тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Р. Молдобаевага милдеттендирилсин.
Тѳрага Б.Б. Барыктабасов
Жооптуу катчы М.Б. Эсеналиева