Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
VII чакырылышындагы VII кезектеги сессиясы
2024-жылдын 12-августу №95
Ак-Терек айыл аймагындагы тарыхый-маданий эстеликтердин жерлери жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы No 412 “Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарынын объекттерин сактоону, изилдөөнү жана таанытууну камсыз кылууну мамлекеттик колдоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында,Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининмуниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын сунушунугуп жана талкуулап, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. 1-тиркемеге ылайык Ак-Терек айыл аймагындагы тарыхый-маданий эстеликтердин жалпы саны 13, анын ичинен жалпы Республикалык маанидеги 2, жергиликтүү мааниде 11, объектерин паспорттоштуруу максатында, Ак-Терек айыл айыл аймагындагы тарыхый-маданий эстеликтердин жерлерине макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл аймагынынайыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу муниципалдык менчикти башкаруу боюнча башкы адиси Т. Мамбетжунушовго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Ж.Сугатчиевага тапшырылсын.
Тѳрага Б.Б. Барыктабасов