Редакцияот 27.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

 Ак-Терек айыл  аймагынын жергиликтүү  кеңешинин

VII  чакырылышындагы VII кезектеги сессиясы

 

2024-жылдын 12-августу №96                                                                        

 

Ак-Терек айыл аймагындагы  жалпы мектептерге көмөкчү чарба иштетүүгө жер тилкесин бөлүп берүү  жѳнүндѳ

 

             Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининтөрагасынын                                             Б.Б. Барыктабасовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:   

 

1. Ак-Терек айыл аймагындагы  жалпы мектептерге көмөкчү чарба иштетүүгө жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

 

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл аймагынынайыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу муниципалдык менчикти башкаруу боюнча башкы адиси Т. Мамбетжунушовго жүктөлсүн.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин  муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча  туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Ж. Сугатчиевага тапшырылсын.

 

 

Тѳрага                                                                                                  Б.Б. Барыктабасов