Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2024-жылдын 11-сентябры № 116
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө" Жобосуна, аймактык шайлоо комиссияларынын резервине келип түшкөн документтерди кароо боюнча Жумушчу топтун 2024-жылдын 6-сентябрындагы чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге) 2024-жылдын 17-июлундагы кайрылуусунун, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө жергиликтүү Бишкек шаардык кеңешинин жыйналышынын 2024-жылдын 29-августундагы № 141 токтомдун негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аймактык шайлоо комиссиялардын резервдерине келип түшкөн документтерди кароо боюнча Жумушчу топтун 2024-жылдын 6-сентябрындагы чечимине ылайык, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервине жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын талапкерлери тиркемеге ылайык киргизилсин.
2. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
Н.Шайлдабекова
|
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 11-сентябрындагы № 116 токтомуна тиркеме |
Бишкек шаары Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервине киргизилген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын өкүлдөрү
№ | Фамилиясы Аты Атасынын аты | Ким тарабынан көрсөтүлдү |
1 | Ибрагимов Жайнак Усенович | жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан |
2 | Атаев Эрлан Сагынович | жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан |
3 | Абдирашитов Данияр Абдилакимович | жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан |
4 | Алыбекова Элиза Жумабековна | жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан |
5 | Сыдыгалиева Чолпон Кадырбековна | жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан |
6 | Нурмаматов Муратбек Рахманбердиевич | жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан |
7 | Токтакунов Кеңешбек Шайлообекович | жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан |
8 | Идирисова Алтынай Аскербековна | жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан |
9 | Орозалиев Улан Эрикович | жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан |
10 | Масюмов Рустамжан Саматджанович | жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан |
11 | Молдоев Адиль Талайбекович | жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан |